Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
18-берене. Бажы иши чөйрөсүндөгү иш-аракеттин жалпы жоболору
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Ата мекендик юридикалык жактардын убактылуу сактоо кампаларынын ээси, бажы кампаларынын ээси, алымсыз соода-сатык дүкөндөрүнүн ээси жана бажылык ташуучулар, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор жана бажылык өкүлдөр катары иш-аракет жүргүзүүсүнө алар убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестрине, бажы кампаларынын ээлеринин реестрине, алымсыз соода-сатык дүкөндөрүнүн ээлеринин реестрине, бажылык ташуучулардын реестрине, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине, бажылык өкүлдөрдүн реестрине киргизилген шартта жол берилет.
Эркин кампанын ээси катары иш-аракет жүргүзүүгө кызыкдар болгон юридикалык жактарды эркин кампалардын ээлеринин реестрине киргизүүнүн тартиби жана шарттары, эркин кампанын ээсин мындай реестрден чыгаруунун негиздери жана мындай реестрден чыгаруунун тартиби, ошондой эле эркин кампанын ээси катары иш-аракетин токтото туруунун жана аны кайра жандандыруунун тартиби, эркин кампалардын ээлеринин реестрин жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
2. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракеттерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрлери ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан, ушул Мыйзамда аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөргө милдеттүү:
- бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракетти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрлерин туруктуу түрдө, кеминде үч айда бир жолу өзүнүн расмий басылмаларында жарыялап турууну камсыз кылууга;
- бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракетти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрин Бажы бирлигинин органына берүүгө.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-18" title="18-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>