170-берене. Маалымат берүү. Сынамыктарды жана үлгүлөрдү алуу
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 31-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Бажы органы арыз берүүчүгө жана декларация берүүчүгө, чыгарууну токтото туруу тууралуу чечим кабыл алынган товарлар контрафакттык же андай эмес товар экенин аныктоо үчүн зарыл болгон маалыматты берет.
2. Арыз берүүчү жана декларация берүүчү алган маалымат ушул беренеге ылайык купуя болот жана алар тарабынан жарыяланбашы, үчүнчү жакка, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, мамлекеттик органга, берилбеши керек.
3. Бажы органынын уруксаты менен арыз берүүчү жана декларация берүүчү же алардын өкүлдөрү бажы контролу астында чыгарууну токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган товарлардан сынамыктарды жана үлгүлөрдү ала алат жана буларга изилдөө жүргүзө алат.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
170-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-170" title="170-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>