15-берене. Кабыл алынган чечимдин, жасалган аракеттердин же аракетсиздиктин себептери жөнүндө маалымат алуу
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
Кыргыз Республикасынын бажы органы же болбосо анын кызмат адамы тарабынан өзүнө карата чечим кабыл алынган же аракет жасалган жак, ошондой эле өзүнө карата чечим кабыл алынбаган же болбосо жасалууга тийиш болгон аракет белгиленген мөөнөттө жасалбаган жак, эгерде аталган жагдайлар жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын түздөн-түз жана жекече козгосо, Кыргыз Республикасынын бул бажы органына чечим кабыл алынган, аракет жасалган же болбосо чечим кабыл алуунун же аракет жасоонун мөөнөтү аяктаган күндөн тартып эки айлык мөөнөттө, кабыл алынган чечимдин же жасалган аракеттин же болбосо чечимди кабыл албоонун же аракетти жасабоонун себептери жана негиздери жөнүндө суроо-талап менен кайрылууга укуктуу. Суроо-талап Кыргыз Республикасынын бажы органы тарабынан токтоосуз каралууга жатат. Суроо-талап жазуу жүзүндө берилгенде жооп да жазуу жүзүндө берилүүгө тийиш.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-15" title="15-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>