149-берене. Алымсыз соода дүкөнүнүн турган ордуна, ыңгайлаштырылуусуна жана жабдылышына карата талаптар
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 25-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 июня 2017 года № 99
1. Алым төлөөсүз соода дүкөнү соода залдарынан, көмөкчү орун-жайлардан, кампалардан турушу мүмкүн.
Аталган орун-жайлар товарларды сатуу алымсыз соода дүкөнүнүн соода залдарында гана жүргүзүүнү, ошондой эле товарлардын сакталышын жана аларга карата бажы контролун жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылгандай таризде жабдылууга тийиш.
2. Алымсыз соода дүкөнүнүн соода залдары алымсыз соода дүкөнүндө сатып алган товарларды Кыргыз Республикасынын аймагында калтыруу, анын ичинде аларды ошол аймакта калган жеке жактарга берүү жолу менен калтыруу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылгандай таризде жайгаштырылууга тийиш.
3. Алымсыз соода-сатык дүкөнүнүн өткөрмө пункттарда жайгашкан орду анын ээси тарабынан Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынын карамагында турган мамлекеттик органдар менен макулдашылууга тийиш. Башка жерлердеги алымсыз соода-сатык дүкөнүнүн жайгашкан орду Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте аныкталат.
4. Алымсыз соода дүкөнүнүн орун-жайы бажы контролунун зонасы болуп саналат.
5. Алымсыз соода-сатык дүкөнүн ыңгайлаштыруу жана жабдуу боюнча талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
149-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 6 июня 2017 года № 99 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
06.06.2017 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жокко чыгарылгандай таризде жайгаштырылууга тийиш.
3. Алымсыз алынып салынды: соода кошулду: соода-сатык дүкөнүнүн алынып салынды: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарда жайгашкан алынып салынды: ордун кошулду: орду анын ээси кошулду: тарабынан Кыргыз Республикасынын чек ара алынып салынды: кызматы кошулду: кызматынын карамагында турган мамлекеттик алынып салынды: орган кошулду: органдар менен алынып салынды: макулдашууга кошулду: макулдашылууга тийиш. кошулду: Башка жерлердеги алымсыз соода-сатык дүкөнүнүн жайгашкан орду Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте аныкталат.
4. Алымсыз соода дүкөнүнүн орун-жайы бажы контролунун зонасы болуп саналат.
кошулду: 5. Алымсыз соода-сатык дүкөнүн ыңгайлаштыруу жана жабдуу боюнча талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-149" title="149-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>