143-берене. Бажылык жол-жобонун жалпы жоболору
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 24-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Реэкспорттун бажылык жол-жобосуна жайгаштыруунун мазмуну, товарларды бажылык жол-жобого жайгаштыруунун шарттары Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 296 жана 297-беренелеринде аныкталган.
2. Мурда ички керектөөгө чыгаруунун бажылык жол-жобосунда турган товарларды реэкспорттун жол-жобосуна жайгаштыруу үчүн декларант бажы органына Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 299-беренесинде каралган документтер менен маалыматтарды берет.
3. Эгерде реэкспортто алып келүүдөгү бажы алымдарын, салыктарды төлөөдөн бошотуу же төлөнгөн суммаларды кайра кайтаруу товарлар Кыргыз Республикасынын аймагында турганда колдонулган белгилүү бир бажылык жол-жоболордо шарттарында каралган болсо, мындай бошотуу берилет же кайра кайтаруу жүргүзүлөт.
4. Түздөн-түз жана жалаң гана реэкспорт үчүн арналган товар катары билдирилген товарларга карата бажы алымдары жана салыктары төлөнбөйт. Товарларды алты айлык мөөнөттүн ичинде иш жүзүндө алып кетүү жүргүзүлбөгөндө, же болбосо товарлар пайдаланылганда, анын ичинде киреше алуу максаттарында пайдаланылганда бажы алымдары, салыктары төлөнөт, аларды төлөтүп алуу товарларды алып келгенде алар ички керектөөгө чыгаруунун бажылык жол-жобосуна билдирилгенде төлөнгөндөй жүргүзүлөт. Ошондой эле алардан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсепке алуу коюмдары боюнча пайыздар алынат, аларды алуу товарларды реэкспорттун бажылык жол-жобосуна жайгаштырганда көрсөтүлгөн суммаларга карата кийинки калтырылганда алынгандан жүргүзүлөт.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
143-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-143" title="143-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>