Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
12-берене. Маалыматтык ресурстарды пайдалануу
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын карамагындагы маалыматтык ресурстар, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык маалыматты алуу чектелген учурларды кошпогондо, ачык жана жалпыга жеткиликтүү болуп саналат.
2. Маалыматка жеткиликтүүлүк чектелбеген учурларда жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аны Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын маалыматтык ресурстарынан алууга укуктуу жана алардан суралып жаткан маалыматтарды алуунун зарылдыгын негиздөөгө милдеттүү эмес.
3. Жактардын Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын карамагындагы маалыматтык ресурстардан маалыматтарды алуунун тартиби, аны алуунун орду, убактысы, негиздери жана шарттары ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
4. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын карамагындагы жана коммерциялык, банктык же мыйзам менен корголуучу башка жашыруун сырды камтыган маалыматтар базасына жетүү укугу терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте берилет.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-12" title="12-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>