Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
112-берене. Бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүдө продуктулардын иштелип чыгуу ченемдери
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 19-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Иштелип чыгуу ченемдери (белгилүү сандагы товарларды кайра иштетүүнүн жыйынтыгында алынган кайра иштетүү продуктуларынын саны жана пайыздык мазмуну) бажы аймагынан сырткары товарларды кайра иштетүүгө уруксат алган жак тарабынан белгиленет жана ал ишке ашырылган иш жүзүндөгү шарттарды эске алып, Кыргыз Республикасынын бажы органы менен макулдашылат.
2. Кайра иштетүү продуктуларынын сыпатталышы, саны жана сапаты иштелип чыгуу ченемдери белгиленгенден жана макулдашылгандан кийин аныкталат.
3. Иш жүзүндө туруктуу мүнөздөмөгө ээ болгон товарларга карата кайра иштетүү боюнча операциялар адатта так аныкталган техникалык шарттарга ылайык ишке ашырылган жана өзгөрбөс сапаттагы кайра иштетүү продуктулары чыгарылган учурларда бажы органы стандарттуу иштелип чыгуу ченемдерин белгилейт.
4. Иштелип чыгуу ченемдери Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан белгиленгенде эксперттик уюмдардын кайра иштетүүнүн конкреттүү технологиялык процессине негизделген корутундулары эсепке алынат.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-112" title="112-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>