105-берене. Эквиваленттүү товарлар менен алмаштыруу
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 18-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 248-беренесине ылайык, бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосуна киргизилген чет өлкөлүк товарларды эквиваленттүү товарлар менен алмаштырууга Кыргыз Республикасынын бажы органынын уруксаты менен жол берилет. Эквиваленттүү компенсацияны колдонууга уруксат кылуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органы бажы аймагында товарларды иштетүүгө берилген уруксатта көрсөтөт.
2. Эгерде чет өлкөлүк товарларды эквиваленттүү товарлар менен алмаштырууга уруксат берилсе, Бажы бирлигинин бажы аймагына чет өлкөлүк товарларды алып келгенге чейин, эквиваленттүү товарлардан алынган кайра иштетүү продуктуларын алып кетүүгө жол берилет, бул тууралуу бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө берилген уруксатта көрсөтүлөт. Мында чет өлкөлүк товарларды алып келүү үчүн мөөнөт бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө уруксат алган (алуучу) жак тарабынан, Кыргыз Республикасынын бажы органы менен макулдашуу боюнча аныкталат.
3. Товарлардын айрым категорияларына карата эквиваленттик компенсацияны колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
105-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-105" title="105-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>