1-берене
Күчүндө · 12.01.2015 редакциясы
"Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 450-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 40-1-статья менен толукталсын: "40-1-статья. Озонду бузуучу жана аларды алмаштыруучу заттар менен иштөөнү мамлекеттик эсепке алуу жана контролдоо Озонду бузуучу жана аларды алмаштыруучу заттар менен иштөөнү мамлекеттик эсепке алуу жана контролдоо Кыргыз Республикасында озонду бузуучу заттарды өндүрүүнүн жана керектөөнүн жол берилген көлөмүн белгилөө, ошондой эле озон катмарын сактоо жана бузулушунун алдын-алуу, аны калыбына келтирүү, озон катмарынын бузулушу менен болуучу жагымсыз кесепеттерден адамдардын ден-соолугун жана айлана-чөйрөнү коргоо максатында жүзөгө ашырылат. Озонду бузуучу жана аларды алмаштыруучу заттар менен иштөөнү мамлекеттик эсепке алуу жана контролдоо Кыргыз Республикасына ташып келинген же Кыргыз Республикасынан ташып чыгарылган озонду бузуучу заттар боюнча бажы статистикасынын маалыматтарынын жана озонду бузуучу заттар менен иштөө маселелери боюнча жеке жана юридикалык жактардын отчеттуулугунун негизинде жүзөгө ашырылат. Озонду бузуучу заттар менен иштөөнү мамлекеттик эсепке алуунун жана контролдоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".
Берененин тексти 12.01.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Атмосфералык абаны коргоо жөнүндөЗакон · 12.06.1999 · № 51
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205434/st-1" title="1-берене - Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>