Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 12-январы № 5 "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене. "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 450-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 40-1-статья менен толукталсын: "40-1-статья. Озонду бузуучу жана аларды алмаштыруучу заттар менен иштөөнү мамлекеттик эсепке алуу жана контролдоо Озонду бузуучу жана аларды алмаштыруучу заттар менен иштөөнү мамлекеттик эсепке алуу жана контролдоо Кыргыз Республикасында озонду бузуучу заттарды өндүрүүнүн жана керектөөнүн жол берилген көлөмүн белгилөө, ошондой эле озон катмарын сактоо жана бузулушунун алдын-алуу, аны калыбына келтирүү, озон катмарынын бузулушу менен болуучу жагымсыз кесепеттерден адамдардын ден-соолугун жана айлана-чөйрөнү коргоо максатында жүзөгө ашырылат. Озонду бузуучу жана аларды алмаштыруучу заттар менен иштөөнү мамлекеттик эсепке алуу жана контролдоо Кыргыз Республикасына ташып келинген же Кыргыз Республикасынан ташып чыгарылган озонду бузуучу заттар боюнча бажы статистикасынын маалыматтарынын жана озонду бузуучу заттар менен иштөө маселелери боюнча жеке жана юридикалык жактардын отчеттуулугунун негизинде жүзөгө ашырылат. Озонду бузуучу заттар менен иштөөнү мамлекеттик эсепке алуунун жана контролдоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө эл аралык Келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Атмосфералык абаны коргоо жөнүндөЗакон · 12.06.1999 · № 51
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 668 "2015-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин өз ара соода жүргүзүүдө озонду…Постановление · 31.12.2018 · № 668
Шилтеме берет (1)
- Атмосфералык абаны коргоо жөнүндөЗакон · 12.06.1999 · № 51