Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Энергетика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 14-январы № 10 "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене. "Энергетика жөнүндө" 1996-жылдын 30-октябрындагы № 56 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 6-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи жана тогузунчу абзацтар менен толукталсын: "Евразия экономикалык бирлигинин келишимдик-укуктук базасында белгиленген принциптерге ылайык энергетикалык ресурстардын жалпы рыногун түзүүнү; Евразия экономикалык бирлигинин келишимдик-укуктук базасында каралган учурларда, электр энергиясын мамлекеттер аралык берүүдө көмөк көрсөтүүнү.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу Келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 3 айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Энергетика жөнүндөЗакон · 30.10.1996 · № 56
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-мартындагы № 99 "Электр энергетикасы жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"…Постановление · 05.03.2015 · № 99 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Энергетика жөнүндөЗакон · 30.10.1996 · № 56