61-берене. Төлөм уюмдары тарабынан электрондук акча чыгаруунун жана тындыруунун тартиби
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 апреля 2025 года № 86
1. Улуттук банктын электрондук акча чыгаруу укугуна кошумча лицензиясы болгондо төлөм уюму электрондук акча чыгарат. Электрондук акча чыгарууга лицензия Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык берилет.
2. Төлөм уюму электрондук акчаны төлөм уюму тарабынан эмиссиялануучу электрондук акчанын суммасынан кем эмес суммада төлөм уюму тарабынан коммерциялык банктагы атайын эсебинде акча каражаттары алдын ала депонирленген шартта чыгарат.
3. Төлөм уюму ушул беренеде белгиленген электрондук акча чыгаруу шарттарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат жана электрондук акча системасындагы эмиссияланган электрондук акчалардын суммасынын атайын эсебиндеги акча каражаттарынын депонирленген суммасына шайкеш келишине контроль жүргүзөт. Кийин контролдоо функциялары да электрондук акча чыгаруунун эсебинде депонирленген сумманы сактоо жөнүндө түзүлгөн келишимдин негизинде электрондук акча системасына онлайн-режимде жетүүнү берүү жолу менен атайын эсеп ачылган банкка берилет, бул келишимдик мамилелердин алкагында жана банктык мыйзамдардын талаптарында белгиленүүгө тийиш.
4. Төлөм уюму маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптарды сактоого жана электрондук акчаны чыгаруунун, жайылтуунун жана тындыруунун бардык этаптарында маалыматты үзгүлтүксүз коргоого тийиш.
(КР 2025-жылдын 28-апрелиндеги N 86 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3 глава. Накталай эмес эсептешүүлөр формалары
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
61-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205425/st-61" title="61-берене - Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>