25-берене. Системаны пайдалануучулар
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 5-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 1 марта 2017 года № 38
1. Төлөм системасынын катышуучуларынын төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн же чарбалык ишти же анын пайдасына жана анын атынан акча каражаттарын которуу жүзөгө ашырылган башка ишти жүзөгө ашырууда эсептешүүлөрдү жана акча которууларды жүргүзүү үчүн акча которуу системасынын катышуучусунун же акча которуулар системасынын төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдаланышкан юридикалык же жеке жактар төлөм системасынын пайдалануучулары болуп саналат.
2. Пайдалануучулар төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча ыкмаларды жана каражаттарды тандоого укуктуу.
3. Төлөм системасынын пайдалануучулары төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өз кызыкчылыктарын мамлекеттик коргоого;
2) кепилденген накталай жана накталай эмес төлөмгө;
3) накталай эмес төлөмдөрүнүн коопсуздугуна;
4) жүргүзүлгөн төлөмдөр жөнүндө толук жана ишенимдүү маалыматтарга;
5) ырастоочу документтер болгондо, төлөм суммасынын ордунун толтурулушуна.
4. Төлөм системаларын пайдалануучулардын укуктарын коргоо максатында төлөм системаларынын катышуучулары системаларды пайдалануучуга төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифтери жөнүндө алдын ала тааныштырууга милдеттүү.
(КР 2017-жылдын 1-мартындагы № 38 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
25-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205425/st-25" title="25-берене - Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>