24-берене. Операторлор
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 5-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 апреля 2021 года № 57
1. Ошол өлкөнүн ыйгарым укуктуу органынын ушул ишти жүзөгө ашырууга уруксат берүүчү тиешелүү документтери бар, Улуттук банкында каттоодон өткөн жана акча которуулар системасынын ишин камсыз кылган юридикалык жак - Кыргыз Республикасынын резиденти же резидент эмеси эсеп ачпастан акча которууну жүзөгө ашырган акча которуулар системасынын оператору болуп саналат. Акча которуу системасынын операторунун - резиденттин/резиденти эмесинин каттоодон өтпөй туруп Кыргыз Республикасынын аймагында иштөөсүнө тыюу салынат.
2. Үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча кызмат көрсөтүүгө лицензиясы бар юридикалык жак - Кыргыз Республикасынын резиденти электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүчү системанын оператору болуп саналат. Эл аралык электрондук акча операторунун/эл аралык электрондук акча эмитентинин - Кыргыз Республикасынын резиденти эмесинин иши ушул Мыйзамга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык Улуттук банкта каттоосу болгон учурда жүзөгө ашырылат. Улуттук банкта каттоосу жок эл аралык электрондук акча операторунун/эл аралык электрондук акча эмитентинин ишине тыюу салынат.
21. Улуттук банк же үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарда (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана ушул процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө лицензиясы бар, улуттук системанын критерийлерине шайкеш келүүчү жана төлөм системасынын иштөөсүн ушул Мыйзамга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык келишин камсыз кылуучу башка юридикалык жак - Кыргыз Республикасынын резиденти улуттук төлөм системасынын оператору болуп саналат.
3. Төлөм системасынын оператору төлөм системасынын ишин жөнгө салуучу ченемдик документтерди, системага катышуу тууралуу жана катышуучулардын системага жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө типтүү келишимдерди иштеп чыгат.
4. Төлөм системасынын оператору маалымат коопсуздугун жана инфратүзүмдүн коопсуздугун, ошондой эле иштин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча ченемдик документтерге ээ болууга тийиш.
5. Төлөм системасынын оператору катышуучулардын системага ачык жана тең укуктуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуучу тарифтик саясатты иштеп чыгат. Төлөм системасынын алкагында кардарларга (пайдалануучуларга) тиешелүү кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифтерди жана төлөмдөрдүн башка түрлөрүн кошуп алганда, төлөм системасынын эрежелери ачык-айкын болууга тийиш. Жаңы тарифтерди киргизүү жана колдонуудагы тарифтердин өлчөмүн көбөйтүү каралган өзгөртүүлөрдү төлөм системасынын эрежелерине киргизүүдө, төлөм системасынын оператору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөттө жана тартипте бул тууралуу Улуттук банкка, төлөм системасынын катышуучуларына жана пайдалануучуларына маалымдайт.
6. Төлөм системасынын операторлору ар жылдык негизде жалпы финансылык отчеттуулукту жарыялайт, Улуттук банкына мезгил-мезгили менен ар айлык отчетторду, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ички көзөмөл жана аудит жөнүндө маалыматты берет.
7. Төлөм системасынын операторлору салык кызматынын органдарына Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган тартипте тиешелүү маалыматтарды берет.
(КР 2017-жылдын 1-мартындагы № 38, 2021-жылдын 24-апрелиндеги N 57 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
24-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 24 апреля 2021 года № 57 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О платежной системе Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 1 марта 2017 года № 38 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О платежной системе Кыргызской Республики", Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205425/st-24" title="24-берене - Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>