1-берене. Ушул Мыйзамда жөнгө салынуучу мамилелер
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 апреля 2021 года № 57
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү, акчалай которууларды жүргүзүүнү жүзөгө ашыруунун тартибин жана формаларын белгилейт, төлөм системаларынын мүнөздөмөлөрүн, төлөмдөргө жана эсептешүүлөргө катышуучулардын ортосундагы өз ара мамилелердин тартибин, төлөм системаларын көзөмөлгө алууну (оверсайт) аныктайт жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) Кыргыз Республикасынын төлөм системасындагы ыйгарым укуктарын аныктайт.
2. Кыргыз Республикасы менен чет өлкөлөрдүн чарба жүргүзүүчү субъекттеринин ортосундагы бүтүмдөр боюнча төлөмдөрдө жана эсептешүүлөрдө, юридикалык жактар менен жеке жактардын ортосундагы акча которууларда (эл аралык/трансчекаралык төлөмдөр жана акча которуулар) келип чыккан мамилелер ушул Мыйзамда жана башка ченемдик укуктук актыларда ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүгүндө жөнгө салынат.
3. Ушул Мыйзамдын колдонулушу электр жана почта байланышы чөйрөсүндөгү мыйзамда жөнгө салынуучу Кыргыз Республикасында байланыш түйүндөрүн пайдалануу жана электр жана почта байланышынын кызмат көрсөтүүлөрү боюнча иштерге жайылтылбайт. Байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө тиешеси жок товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр жүзөгө ашырылган учурда, операциялар ушул Мыйзамда белгиленген тартипте, түздөн-түз төлөм системасы аркылуу жүргүзүлөт.
(КР 2017-жылдын 1-мартындагы № 38, 2021-жылдын 24-апрелиндеги № 57 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 24 апреля 2021 года № 57 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О платежной системе Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 1 марта 2017 года № 38 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О платежной системе Кыргызской Республики", Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 10.05.2024 · № 83
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-августундагы № 455 "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 28.08.2020 · № 455 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205425/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>