11-берене. Жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продуктулардын лабораториялык диагностикасы жана ветеринардык-санитардык экспертизасы
Күчүндө · 29.07.2024 редакциясы · 3-глава
1. Лабораториялык диагностика жана ветеринардык-санитардык экспертиза Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аккредиттелген ветеринардык лабораторияларда жүргүзүлөт.
2. Жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продуктулар аларды пайдалануунун коопсуздугун аныктоо максатында милдеттүү түрдө ветеринардык-санитардык экспертизадан өтүүгө тийиш.
3. Ветеринардык-санитардык экспертизаны уюштуруу жана аны жүргүзүү тартиби, жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продукцияны тамак-аш максаттарында пайдалануу шарттары тамак-аш коопсуздугу боюнча техникалык регламенттер менен аныкталат.
4. Изилдөөнүн натыйжалары боюнча шарттуу түрдө жарактуу деп таанылган жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган азыктар зыянсыздандырууга, кайра иштетилүүгө тийиш, ал эми ветеринардык-санитардык экспертизадан өтпөгөндөр мыйзамдарда белгиленген тартипте конфискацияланууга, утилдештирилүүгө тийиш.
5. Шарттуу түрдө жарактуу же конфискацияланууга жатат деп таанылган продуктуларды зыянсыздандыруу, кайра иштетүү, утилдештирүү менен байланышкан жоготууларды жана чыгымдарды алардын ээси тартат.
Берененин тексти 29.07.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205396/st-11" title="11-берене - Ветеринария жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>