10-1-берене. Ветеринардык-санитардык мониторинг жүргүзүү
Күчүндө · 29.07.2024 редакциясы · 3-глава
1. Ветеринардык-санитардык мониторинг төмөнкүдөй максаттарда жүргүзүлөт:
1) ветеринария жаатындагы мамлекеттик программаларды жана стратегияларды иштеп чыгуу, ошондой эле алардын ишке ашырылуусуна баа берүү;
2) эпизоотиялык бакубаттуулукту жана ветеринардык-санитардык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү;
3) жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продуктулардын, ветеринардык дары каражаттарынын, тоюттардын, тоют кошулмаларынын жана ветеринардык контролго жана көзөмөлгө алынууга тийиш болгон башка товарлардын коопсуздугун контролдоо.
2. Ветеринардык-санитардык мониторинг жүргүзүү эрежелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
(КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 150 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 29.07.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205396/st-10-1" title="10-1-берене - Ветеринария жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>