Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарлардан салык алуу боюнча мамилелерге карата Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына карата жөнгө салынбаган жана карама-каршы келбеген бөлүгүндө бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары колдонулат.
2. 4-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 21-23-пункттар менен толукталсын:
"21) "Товарларды импорттоо" - Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына жана/же Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык ишке ашырылуучу Бажы бирлигинин бажы аймагына товарларды ташып келүү, ошондой эле башка Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып келүү.
22) "Бажы бирлигинин мыйзамдары" - ушул Кодекске жана Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин эл аралык келишимдерине ылайык кабыл алынган Бажы бирлигине мүчө - өлкөлөрдүн ишкердик иштин субъекттеринин өз ара мамилелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын жыйындысы.
Бажы бирлигинин мыйзамдары төмөнкүлөрдөн турат:
- ушул Кодекстен;
- Бажы бирлигиндеги бажы жана салыктык укуктук мамилелерди жөнгө салуучу Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин эл аралык келишимдеринен;
- ушул Кодекске жана Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин эл аралык келишимдерине ылайык кабыл алынуучу, Бажы бирлигиндеги бажы укуктук мамилелерди жөнгө салуучу Бажы бирлигинин Комиссиясынын чечимдеринен.
23) "Кыйыр салыктар боюнча салык отчеттуулугу" - Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо алынуучу кошумча наркка жана акциздик салыкка карата салык боюнча салык отчеттуулугу.".
3. 44-берененин 1-бөлүгүндө:
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 12-пункт менен толукталсын: "12) салык органдарын кабарлоого:
а) Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттерден алдыда импорттолуучу акциздик товарларды ала тургандыгы тууралуу;
б) ташып келинген товарлардын касиетин жана мүнөздөмөсүн өзгөртпөстөн кийин Кыргыз Республикасынын аймагынан ташылып кетүүчү товарларды Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу ташып киргизүү тууралуу;
в) чыгарылган товарлардын сапатын жана касиетин өзгөртпөстөн кийин Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинүүчү товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагына убактылуу ташып чыгаруу тууралуу;
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын аймагынан Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагына товарларды ташып келүү (ташып чыгаруу) тууралуу кабарлоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
4. 52-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"52-берене. Салыктык укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү бажы органдарынын ыйгарым укуктары Бажы органдары Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын бажы иш чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды алып өтүүдө салыктарды алууну жүзөгө ашырат.".
5. 54-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пунктундагы "Бажы кодексинде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 70-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмунда баяндалсын:
"3. Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды алып өтүүдө келип чыккан салык милдеттенмесин аткарууну жана салык карызын жоюуну камсыз кылуу ыкмалары Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталат.".
7. 79-берененин 12-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы" деген сөздөр "Бажы бирлигинин бажы чек арасы" деген сөздөр менен, "Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдары менен аныкталат" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен аныкталат" деген сөздөр менен алмаштырылсын.".
8. 86-берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
"11. КНС салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте салык органына КНС боюнча отчеттуулукту электрондук түрдө берүүгө милдеттүү.".
9. 88-беренеде:
1-бөлүгүндөгү "Ушул Кодексте" деген сөздөр "Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, ушул Кодексте" деген сөздөр менен алмаштырылсын; берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын: "3. Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо кыйыр салыктар боюнча салык отчеттуулугун берүү учурунда салык отчеттулугунун мөөнөтүн узартууга жол берилбейт.".
10. 100-берененин 5-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "е" пунктчасы менен толукталсын:
"е) Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон товарлар боюнча акциз салыгы жана/же КНС боюнча салык милдеттенмелери салык төлөөчүлөр тарабынан аткарылганда.".
11. 122-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Салык кызматы органдарынын бажы органдары, каржылык чалгындоо органдары жана каржылык полиция органдары менен өз ара аракеттери ушул Кодексте, Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында, "Изин суутпай издөө иши жөнүндө", "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, эки тараптуу (көп тараптуу) түзүлгөн макулдашууларда белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде жүзөгө ашырылат.".
12. 224-беренеде:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1) "Салык салынуучу импорт" - импортко КНСтен бошотулган товарды ташып кирүүдөн тышкары, Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына жана/же Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына товарды ташып кирүү."; берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын: "6) "Товарларды экспорттоо" - товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагына же Бажы бирлигинин бажы аймагынан сырткары ташып чыгуу.".
13. 232-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) мурда экспорттоонун бажы жол-жобосуна ылайык чыгарылган товарды кайра импорттоонун бажы жол-жобосуна ылайык кайтарууну жүзөгө ашырат.".
14. 234-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттерден товарларды импорттоодон тышкары, товарларды импорттоодо КНС боюнча салыктык милдеттенменин датасы Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык аныкталат.".
15. 236-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "бажылык аймакта жана бажы контролдугу алдында товарларды кайра иштетүүнүн бажылык режимине" деген сөздөр "бажы аймагында жана ички керектөөлөр үчүн кайра иштетүүнүн жол-жобосуна" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
16. 249-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"249-берене. Бажы аймагында товарларды кайра иштетүүнүн жана товарларды ички керектөөлөр үчүн кайра иштетүүнүн бажы жол-жоболорунда жайгаштырылган товарларды кайра иштетүү Бажы бирлигинин бажы аймагына ташылып келинген жана товарларды бажы аймагында кайра иштетүүнүн жана товарларды ички керектөөлөр үчүн кайра иштетүүнүн бажы жол-жоболорунда жайгаштырылган товарларды кайра иштетүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр КНСтен бошотулган беримдер болуп саналат.".
17. 257-берененин 1-бөлүгүнүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган бажы жол-жоболорунун алкагында КНС төлөөдөн бошотуу каралган товарлар;".
18. 259-беренеде:
берененин аталышында жана 1-бөлүгүндө "бажы" деген сөз алып салынсын; 4- жана 5-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын.
19. 265-берене төмөнкүдөй мазмундагы 10-бөлүк менен толукталсын:
"10. Мурда экспорттоонун бажы жол-жобосуна ылайык товарларды ташып чыгарууну жүзөгө ашырган салык төлөөчүдөгү беримдердин салык салынуучу наркы, ошол товарды кайра импорттоонун бажы жол-жобосуна ылайык ташып кирүүдө, КНС боюнча салык отчетунда экспортко товардын беримдеринин көлөмү чагылдырылган ошол товардын наркынын негизинде экспортту жол-жоболоштурууда колдонулган өлчөө бирдигинде ташылып келинүүчү товардын көлөмүнө пропорционалдуу аныкталат.".
20. 266-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пункту "товар" деген сөздөн мурда "Экспорттоонун бажы жол-жобосуна ылайык мурда ташылып чыгарылган товарларды кайра импорттоонун бажы жол-жобосуна ылайык ташып кирүүнү кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.
21. 270-берененин 3-бөлүгүндө:
2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын; бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-пункттар менен толукталсын: "4) Бажы бирлигине мүчө - мамлекет болуп саналбаган мамлекеттердин аймагынан товарларды импорттоодо:
а) Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына жана/же Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык бажылык жол-жоболоштуруу жүргүзүлгөндө; жана
б) ал боюнча бюджетке КНС төлөнгөндө;
5) Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагынан товарларды импорттоодо:
а) кыйыр салыктар боюнча салык отчеттуулугун берүү милдеттери аткарылганда; жана
б) ал боюнча ушул бөлүмгө ылайык бюджетке КНС төлөнгөндө.".
22. 274-берененин 3-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарында" деген сөздөр "Бажы бирлигинин мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
23. IX бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 40-1-глава менен толукталсын:
"40-1-глава. Бажы бирлигинде товарларды экспорттоодо жана импорттоодо, жумуштарды аткарууда, кызмат көрсөтүүлөрдө КНС салыгын салуу
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205389/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>