Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
9-берене. Насыялык бюрону мамлекеттик каттоодон жана лицензия берүүдөн баш тартуу
Күчүндө · 29.04.2026 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 30 июля 2025 года № 167
1. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы лицензия берүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тарта алат:
1) лицензия берүү үчүн зарыл документтер берилбегенде;
2) берилген уюштуруу жана башка документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келбегенде;
3) лицензия алуу үчүн берилген документтерде анык эмес же бурмаланган маалыматтар болгондо;
4) насыялык маалыматты жана өзүнө-өзү тыюу салуу жөнүндө маалыматты санкцияланбаган жетүүдөн, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан, ачыкка чыгаруудан коргоону камсыз кылуучу программалык-техникалык комплекс болбогондо же программалык-техникалык комплекс белгиленген талаптарга ылайык келбегенде;
5) насыялык бюронун жетекчиси белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келбегенде.
2. Лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим арыз берүүчүгө баш тартуунун себебин жана арыз берүүчү көрсөтүлгөн себептерди жоюп, кайталап кароо үчүн арыз берүүгө боло турган мөөнөттү көрсөтүү менен жазуу жүзүндө жиберилет. Мында лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимде көрсөтүлгөн мөөнөт кемчиликтерди четтетүү үчүн зарыл болгон убакытка туура келүүгө тийиш.
3. Лицензия алуу үчүн берилген документтерди кайталап кароо арызды бардык зарыл документтер менен алган күндөн тартып он күндөн ашпаган мөөнөттө жүзөгө ашырылат. Насыялык бюрону мамлекеттик каттоодон жана лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимде көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндө берилген арыз жаңыдан берилди деп эсептелет.
4. Лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чечимдерин сотко чейинки даттануу жол-жоболору сакталган шартта сотко даттанылышы мүмкүн.
(КР 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 , 2025-жылдын 30-июлундагы № 167 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 29.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 30 июля 2025 года № 167 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам обмена кредитной информацией и установления самозапрета на заключение кредитной сделки"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"Редакцияларды салыштыруу
30.07.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…анык эмес же бурмаланган маалыматтар болгондо;
4) насыялык кошулду: маалыматты жана өзүнө-өзү тыюу салуу жөнүндө маалыматты санкцияланбаган жетүүдөн, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, … шартта сотко даттанылышы мүмкүн.
(КР 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 алынып салынды: Мыйзамынын редакциясына кошулду: , 2025-жылдын 30-июлундагы № 167 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205381/st-9" title="9-берене - Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>