8-берене. Насыялык бюрону мамлекеттик каттоо жана насыялык бюронун ишин жүзөгө ашырууга лицензия берүү
Күчүндө · 29.04.2026 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 30 июля 2025 года № 167
1. Насыялык бюрону мамлекеттик каттоо мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
2. Насыялык бюронун ишин жүзөгө ашырууга лицензия (мындан ары - лицензия) берүү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүргүзүлөт.
3. Лицензия берүү үчүн Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жайгашкан жерин (почта дарегин) көрсөтүү менен арыз берилет, ага төмөнкүлөр тиркелет:
1) насыялык бюрону түзүү жөнүндө уюштуруучулардын жалпы чогулушунун протоколу;
2) насыялык бюронун уюштуруу документтери;
3) насыялык бюронун жетекчиси жана уюштуруучулары жөнүндө маалыматтар;
4) насыялык маалыматты жана өзүнө-өзү тыюу салуу жөнүндө маалыматты санкцияланбаган жетүүдөн, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан же ачыкка чыгаруудан коргоону камсыз кылуучу программалык-техникалык комплекстин параметрлери жана жайгаштырылышы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленген талаптарга ылайыктуулугун ырастоочу документтер;
5) банктын насыялык бюронун уставдык фондунун түзүлгөнүн ырастоочу документи;
6) мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк;
7) Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык лицензия үчүн мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документ.
4. Лицензия алуу үчүн документтер берилген күндөн тартып отуз күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы лицензия берет.
5. Насыялык бюронун уюштуруу документтериндеги өзгөртүүлөр жана толуктоолор мыйзамда каралган тартипте Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында каттоого жатат.
(КР 2020-жылдын 23-мартындагы № 29, 2025-жылдын 30-июлундагы № 167 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 29.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 30 июля 2025 года № 167 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам обмена кредитной информацией и установления самозапрета на заключение кредитной сделки"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 марта 2020 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере взимания неналоговых доходов и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственных гарантиях отдельным категориям партийных руководителей Киргизской ССР"Редакцияларды салыштыруу
30.07.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жана уюштуруучулары жөнүндө маалыматтар;
4) насыялык маалыматты кошулду: жана өзүнө-өзү тыюу салуу жөнүндө маалыматты санкцияланбаган жетүүдөн, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан же … түзүлгөнүн ырастоочу документи;
6) мамлекеттик каттоо жөнүндө алынып салынды: күбөлүк.
кошулду: күбөлүк;
7) Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө … органында каттоого жатат.
(КР 2020-жылдын 23-мартындагы № алынып салынды: 29 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 29, 2025-жылдын 30-июлундагы № 167 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205381/st-8" title="8-берене - Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>