5-берене. Насыялык тарых
Күчүндө · 29.04.2026 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 апреля 2026 года № 59
1. Насыялык тарых - насыялык маалымат субъектине карата насыялык бюро тарабынан түзүлгөн насыялык маалыматтардын жыйындысы.
2. Насыялык тарых өзүнө төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
1) насыялык маалымат субъектин идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү;
2) насыялык маалымат субъектинин насыялык бүтүмдөрү жөнүндө, ошондой эле алардын аткарылышынын абалы жөнүндө;
3) насыялык маалымат субъектинин жарандык-укуктук келишим боюнча акчалай сумманы төлөө милдеттенмелери тууралуу;
4) насыялык тарыхты түзүү датасы жөнүндө, ошондой эле насыялык тарыхты түзгөн насыялык бюро жөнүндө.
3. Насыялык тарыхка насыялык маалымат алмашуу жөнүндө келишимге ылайык башка маалыматтар да киргизилиши мүмкүн.
4. Насыялык тарыхка насыялык маалымат субъектинин милдеттенмени аткаруу күнүнөн тартып төмөнкү мөөнөттөн ашык убакыт өткөн акчалай сумманы төлөө милдеттенмелери жөнүндө маалыматтар киргизилбейт:
1) негативдүү насыялык маалымат үчүн эки жылдан;
2) суммасы отуз миң сомго барабар же андан аз насыялык бүтүм боюнча негативдүү насыялык маалымат үчүн бир жылдан;
3) позитивдүү насыялык маалымат үчүн беш жылдан.
5. Кийин жоюлган насыялык маалыматты берүүчү (юридикалык жак) тарабынан берилген насыялык маалымат, насыялык тарыхта камтылган маалыматты акыркы жолу өзгөрткөн күндөн тартып эки жыл бою сакталат.
6. Ломбард тарабынан берилген зайым келишими боюнча маалыматтар бир жыл сакталат, ал мөөнөтү өткөндөн кийин насыялык бюро тарабынан карыз алуучунун насыялык тарыхынан чыгарылат.
(КР 2020-жылдын 22-июлундагы № 85, 2024-жылдын 23-майындагы № 88 , 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 59 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 29.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 апреля 2026 года № 59 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об обмене кредитной информацией"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 мая 2024 года № 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере ломбардной деятельности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 июля 2020 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об обмене кредитной информацией", "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности")"Редакцияларды салыштыруу
29.04.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…ылайык башка маалыматтар да киргизилиши мүмкүн.
4. Насыялык тарыхка кошулду: насыялык маалымат субъектинин милдеттенмени аткаруу алынып салынды: датасынан кошулду: күнүнөн тартып кошулду: төмөнкү мөөнөттөн ашык убакыт өткөн акчалай сумманы төлөө милдеттенмелери жөнүндө маалыматтар киргизилбейт:
1) негативдүү насыялык маалымат үчүн алынып салынды: беш жылдан жана кошулду: эки жылдан;
2) суммасы отуз миң сомго барабар же андан аз насыялык бүтүм боюнча негативдүү насыялык маалымат үчүн бир жылдан;
3) позитивдүү насыялык маалымат үчүн алынып салынды: жети жылдан ашык убакыт өткөн насыялык маалымат субъектинин акчалай сумманы төлөө милдеттенмелери тууралуу маалыматтар киргизилбейт.
кошулду: беш жылдан.
5. Кийин жоюлган насыялык маалыматты берүүчү (юридикалык жак) … тарыхта камтылган маалыматты акыркы жолу өзгөрткөн күндөн тартып алынып салынды: беш кошулду: эки жыл бою сакталат.
6. Ломбард тарабынан берилген зайым келишими боюнча … 2020-жылдын 22-июлундагы № 85, 2024-жылдын 23-майындагы № 88 алынып салынды: Мыйзамынын редакциясына кошулду: , 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 59 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205381/st-5" title="5-берене - Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>