1-берене
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 389-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтө" жана "элүүгө чейинки эсептик көрсөткүчтө" деген сөздөр "эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз" жана "эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "онго чейинки эсептик көрсөткүчтө" деген сөздөр "эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын; 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында юридикалык жактардын, кызмат адамдарынын жана жеке адамдардын ар кандай иштерди, өндүрүштүк жана дагы башка иштерди жүргүзүү тартибин бузушу - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз элүү, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн төрт жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет."; 4-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
2. 389-1-статьянын экинчи абзацындагы "ондон жыйырмага чейинки" деген сөздөр "отуз" деген сөзгө алмаштырылсын.
3. 389-2-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "ондон жыйырмага чейинки" деген сөздөр "отуз" деген сөзгө алмаштырылсын; 2-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "ондон жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтө" деген сөздөр "эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 389-3-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "бештен онго чейинки эсептик көрсөткүчтө" деген сөздөр "эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "ондон жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтө" деген сөздөр "эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205378/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>