3-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Күчүн жоготкон · 17.07.2026 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 июля 2025 года № 180
Ушул Мыйзамда төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылат: мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти - көрсөтүүлөр ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүлөрдүн болгондугун кошуп алганда, мамлекеттик же муниципалдык кызматтарды үчүн керектүү болгон мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучунун административдик жол-жоболорунун (аракеттеринин) мөөнөттөрүн жана ырааттуулугун регламенттөөчү документ; муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестри - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарга ылайык, муниципалдык мекемелер тарабынан акысыз жана акы төлөө негизинде жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бекитилген минималдуу тизмеги; мамлекеттик кызмат көрсөтүү - жеке жана юридикалык жактардын суроо-талаптарын аткаруу боюнча алардын компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырылуучу жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын ишке ашырууга, мыйзамдуу кызыкчылыктарын канааттандырууга, же болбосо жарандык-укуктук мамилелердин натыйжасында пайда болуучу милдеттерди аткарууга багытталган мамлекеттик мекемелердин ишинин натыйжасы; мамлекеттик же муниципалдык мекеме - мамлекеттик орган же өз алдынча башкаруу органдары тарабынан башкаруучулук, социалдык-маданий же башка коммерциялык эмес мүнөздөгү функцияларды аткаруу үчүн түзүлгөн жана алар тарабынан толук же жарым-жартылай каржыланган уюм; муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмеги - муниципалдык мекемелер тарабынан жеке жана юридикалык жактарга акысыз жана акы төлөө негизинде көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бекитилген тизмеги, ал жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнөн улам ар бир администрациялык-аймактык бирдиктин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн базалык реестринен ашык түзүлөт; бирдиктүү терезе - арыз берүүдөн баштап натыйжалары алынганга чейин бир жерде, бир мекемеде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун жана көрсөтүүнүн ыкмасы; мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри - ушул Мыйзамда аныкталган, керектөөчүлөргө мамлекеттик мекемелер тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен тартипте акысыз жана акы төлөөнүн негизинде көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тутумдаштырылган тизмеги; мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүгө суроо-талап - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген формада болгон мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдө алууга анын эркин билдирүүсүн аныктоого мүмкүндүк берүүчү өзү же болбосо ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу жасалган жеке же юридикалык жактын ар кандай аракети; мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүнү аткаруучу - жеке жана юридикалык жактардын суроо-талаптары боюнча өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер; (абзац КР 2024-жылдын 17-июлундагы № 122 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестри - конкреттүү административдик-аймактык бирдиктин аймагында муниципалдык мекемелер тарабынан жеке жана юридикалык жактарга акысыз жана акы төлөө негизинде көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бекитилген тизмеги; муниципалдык кызмат көрсөтүү - кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын ишке ашырууга, мыйзамдуу кызыкчылыктарын канааттандырууга, же болбосо жарандык-укуктук мамилелердин натыйжасында пайда болуучу милдеттерди аткарууга багытталган жеке жана юридикалык жактардын суроо-талаптарын аткаруу боюнча алардын компетенциясынын алкактарында жүзөгө ашырылуучу муниципалдык мекемелердин ишинин натыйжасы; мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүнү стандартташтырууга жооптуу мекеме - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегине кирген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын иштеп чыгуу боюнча тиешелүү жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталуучу мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүү стандартын иштеп чыгуучу мекеме; мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын баалоо - ушул Мыйзамда белгиленген мамлекеттик же муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү субъекттер тарабынан түпкү натыйжаларды ишке ашырууга жетишүүнү же тийиштүү стандарттардын сакталышын изилдөө; мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүнү керектөөчү - мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучуга түздөн-түз же өзүнүн өкүлү аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүгө суроо-талапты жүзөгө ашырган жеке же юридикалык жак; мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандарты - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети же тиешелүү жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген, мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө карата коюлуучу жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр менен мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучунун өз ара аракеттенүү жол-жобосун аныктоочу талаптардын тутумдашкан топтому камтылган документ; ыйгарым укуктуу орган - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрин жүргүзүү укугуна ээ болгон мамлекеттик орган, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестрин жүргүзүү укугуна ээ болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрин жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат; (КР 2025-жылдын 31-июлундагы N 180 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Ушул Мыйзамдагы башка терминдер Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде берилген маанилерде колдонулат. (КР 2017-жылдын 20-июлундагы № 130, 2023-жылдын 9-мартындагы № 51, 2024-жылдын 17-июлундагы № 122, 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 31 июля 2025 года № 180 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в связи с принятием Цифрового кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 17 июля 2024 года № 122 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных и муниципальных услугах"Редакцияларды салыштыруу
- ЗАКОН Кыргызской Республики от 9 марта 2023 года № 51 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных и муниципальных услугах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 июля 2017 года № 130 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственных и муниципальных услугах", "О доступе к информации, находящейся в ведении государственных органов и органов местного самоуправления Кыргызской Республики")Редакцияларды салыштыруу
31.07.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;
алынып салынды: мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүнү электрондук формада көрсөтүү - мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүнү Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу аралыктан көрсөтүү.
кошулду: (КР 2025-жылдын 31-июлундагы N 180 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Ушул Мыйзамдагы башка терминдер Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде берилген маанилерде колдонулат.
(КР 2017-жылдын 20-июлундагы № 130, 2023-жылдын 9-мартындагы № 51, 2024-жылдын 17-июлундагы № алынып салынды: 122 кошулду: 122, 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-февралындагы № 73 "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык…Постановление · 10.02.2020 · № 73
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-апрелиндеги № 220 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 19.04.2017 · № 220
Беренеде аталган актылар (3)
- Кыргыз РеспубликасынынКодекс · 31.07.2025 · № 178
- Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 31.07.2025 · № 180
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 17.07.2024 · № 122 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205360/st-3" title="3-берене - Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>