2-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө мыйзамдар
Күчүн жоготкон · 17.07.2026 редакциясы · 1-глава
1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына, административдик ишти жөнгө салган мыйзамга негизделет жана ушул Мыйзамдан жана ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр бөлүгүндө мындан жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылар менен карама-каршылыктар жок болгондо, ушул Мыйзамга тең юридикалык күчкө ээ болгон башка ченемдик укуктук актылар менен коллизия пайда болгон учурда, ушул Мыйзамдын жоболору колдонулат.
2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдери колдонулат.
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205360/st-2" title="2-берене - Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>