Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
7-берене. Адвокаттар кеңеши
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 августа 2026 года № 141
1. Адвокаттар кеңеши Адвокатуранын коллегиялуу аткаруу органы болуп саналат жана ал Адвокаттардын съездинде беш жылдан кем эмес адвокаттык иш стажы бар Адвокатуранын мүчөлөрүнүн ичинен үч жылдык мөөнөткө 9 адамдан турган санда жашыруун добуш менен шайланат. Адвокат Адвокаттар кеңешинин мүчөлүгүнө катары менен эки мөөнөттөн ашык шайлана албайт.
Адвокаттар кеңеши өзүнүн курамынын ичинен төраганы жана анын орун басарын ачык добуш берүү менен Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайлайт. Адвокаттар кеңешинин төрагасы өз ыйгарым укуктарын аткаруу мезгилинде адвокаттык иш жүргүзүүгө укуксуз.
2. Адвокаттар кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары Адвокаттар кеңешинин жаңы курамы шайланганга чейин сакталат .
3. Адвокаттар кеңешинин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) мамлекеттик бийлик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, коомдук бирикмелерде жана башка уюмдарда Адвокатуранын атынан чыгуу;
2) Этика боюнча комиссияны жана текшерүү комиссиясын кошпогондо, Адвокатуранын комиссиялары жөнүндө жоболорду бекитүү;
3) аймактык адвокатура жөнүндө типтүү жобону бекитүү;
4) жалпы чогулуштун сунушу боюнча аймактык адвокатура башкармасынын төрагаларын кызматка дайындоо жана бошотуу;
5) Адвокатуранын алдындагы Адвокаттардын окуу борборунун директорун дайындоо жана бошотуу;
6) адвокаттардын квалификациясын жогорулатуу программасын бекитүү, ал программалар боюнча кесиптик окутуп-үйрөтүүнү уюштуруу;
7) (КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
8) адвокаттардын социалдык жана кесиптик укуктарын коргоо;
9) (КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
91) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен макулдашуу боюнча юридикалык өкүлдөрдүн кесиптик жүрүм-турумунун стандарттарын иштеп чыгуу жана бекитүү;
92) ушул Мыйзамга ылайык юридикалык өкүлдөрдүн кесиптик ишин жөнгө салууну жүзөгө ашыруу, анын ичинде:
- Юридикалык өкүлдөрдүн реестрин жүргүзүү;
- квалификациялык тандоодон өтүү тартибин белгилөө;
- кесиптик квалификацияга карата талаптарды аныктоо;
- кесиптик стандарттардын сакталышын контролдоо;
10) Адвокатуранын уставына ылайык башка ыйгарым укуктар.
4. Адвокаттар кеңешинин жыйналышы Адвокаттар кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү катышканда укук ченемдүү деп эсептелет.
Адвокаттар кеңешинин чечимдери Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана 7 күндөн кечиктирбестен Адвокатуранын расмий сайтында жарыяланууга тийиш.
5. Адвокаттар кеңешинин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын ордун адвокаттардын съездинде бекитилген резервдик тизмеде турган кийинки кезектеги талапкер ээлейт.
Адвокаттар кеңешинин мүчөлөрүнүн резервдик тизмеси Адвокаттар кеңешин шайлоо мөөнөтүнө түзүлөт.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180, 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 3 августа 2026 года № 141 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам юридического представительства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 августа 2023 года № 180 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об Адвокатуре Кыргызской Республики и адвокатской деятельности"Редакцияларды салыштыруу
03.08.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…кеңеши өзүнүн курамынын ичинен төраганы жана анын орун басарын алынып салынды: жашыруун кошулду: ачык добуш берүү менен Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу … 2023-жылдын 15-августундагы № 180 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
кошулду: 91) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен макулдашуу боюнча юридикалык өкүлдөрдүн кесиптик жүрүм-турумунун стандарттарын иштеп чыгуу жана бекитүү;
92) ушул Мыйзамга ылайык юридикалык өкүлдөрдүн кесиптик ишин жөнгө салууну жүзөгө ашыруу, анын ичинде:
- Юридикалык өкүлдөрдүн реестрин жүргүзүү;
- квалификациялык тандоодон өтүү тартибин белгилөө;
- кесиптик квалификацияга карата талаптарды аныктоо;
- кесиптик стандарттардын сакталышын контролдоо;
10) Адвокатуранын уставына ылайык башка ыйгарым укуктар.
4. … кеңешин шайлоо мөөнөтүнө түзүлөт.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № алынып салынды: 180 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 180, 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205356/st-7" title="7-берене - Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>