6-берене. Адвокаттардын съезди
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 августа 2026 года № 141
1. Адвокаттардын съезди Адвокатуранын жогорку башкаруу органы болуп саналат.
Адвокаттардын съездинде Адвокаттар кеңешинин төрагасы, ал эми ал жок болуп калган учурда - төраганын орун басары төрагалык кылат.
2. Адвокаттардын съезди Адвокаттардын кеңешинин чечими боюнча эки жылда бир жолу чакырылат, ал съезддин өткөрүлө турган датасын, убактысын жана орун-жайын белгилейт. Адвокаттардын кезексиз съезди Адвокаттар кеңешинин мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмесинин чечими боюнча же Адвокатуранын мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмесинин демилгеси боюнча чакырылат.
Адвокаттардын съезди, эгерде анын ишинде шайланган делегаттардын жалпы курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, укук ченемдүү болуп эсептелет. Съездде делегаттардын өкүлчүлүгү ар бир аймактык адвокатурадан катталган адвокаттардын санынын 10 пайыздык, бирок 10 адамдан кем эмес ченеми менен аныкталат.
3. Съезддин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) юридикалык өкүлдөрдүн ишин жөнгө салуу маселелерин кошуп алганда, Адвокатуранын ишинин негизги багыттарын аныктоо;
2) Адвокатуранын уставын бекитүү, ага өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечим кабыл алуу же уставдын жаңы редакциясын кабыл алуу;
3) Адвокаттар кеңешинин, этика боюнча комиссиянын (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин чечими менен номинациялануучу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлдөрүн кошпогондо), текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жана алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
4) Адвокатура мүчөлөрүн, Адвокатуранын кеңешинин, этика боюнча комиссиянын, текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнүн резервдик тизмесине шайлоо;
5) Адвокаттардын Кесиптик этикасынын кодексин бекитүү;
6) Адвокаттар кеңеши, этика боюнча комиссия, текшерүү комиссиясы жөнүндө жоболорду бекитүү;
7) Адвокаттар кеңешинин, этика боюнча комиссиянын, текшерүү комиссиясынын отчетторун бекитүү;
8) Адвокаттар кеңешинин төрагасына жана мүчөлөрүнө, текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнө - адвокаттарга, этика боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө сый акылардын өлчөмүн аныктоо;
9) мүчөлүк төгүмдөрдү төлөөдөн түшкөн каражаттардан аймактык адвокатураларга чегерүүлөрдүн өлчөмүн аныктоо;
10) мүчөлүк төгүмдөрдүн өлчөмүн аныктоо жана бекитүү, аларды төлөө тартибин бекитүү;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка ыйгарым укуктар.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180, 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 3 августа 2026 года № 141 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам юридического представительства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 августа 2023 года № 180 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об Адвокатуре Кыргызской Республики и адвокатской деятельности"Редакцияларды салыштыруу
03.08.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…кылат.
2. Адвокаттардын съезди Адвокаттардын кеңешинин чечими боюнча алынып салынды: бир кошулду: эки жылда бир жолу чакырылат, ал съезддин өткөрүлө турган датасын, … менен аныкталат.
3. Съезддин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) кошулду: юридикалык өкүлдөрдүн ишин жөнгө салуу маселелерин кошуп алганда, Адвокатуранын ишинин негизги багыттарын аныктоо;
2) Адвокатуранын … кабыл алуу же уставдын жаңы редакциясын кабыл алуу;
3) Адвокаттар алынып салынды: кеңешинин мүчөлөрүн, кошулду: кеңешинин, этика боюнча алынып салынды: комиссиянын, кошулду: комиссиянын (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин чечими менен номинациялануучу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлдөрүн кошпогондо), текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жана алардын ыйгарым … кеңеши, этика боюнча комиссия, текшерүү комиссиясы жөнүндө жоболорду алынып салынды: бекитүү, Адвокаттар кеңешинин, текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнө, этика боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө - адвокаттарга сый акынын өлчөмүн аныктоо;
кошулду: бекитүү;
7) Адвокаттар кеңешинин, этика боюнча комиссиянын, текшерүү комиссиясынын отчетторун бекитүү;
8) Адвокаттар кеңешинин алынып салынды: төрагасынын кошулду: төрагасына жана мүчөлөрүнө, текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнө - адвокаттарга, этика боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө сый алынып салынды: акысынын кошулду: акылардын өлчөмүн аныктоо;
9) мүчөлүк төгүмдөрдү төлөөдөн алынып салынды: келип түшкөн каражаттардан алынып салынды: Адвокатуранын жалпы муктаждыктарына аймактык алынып салынды: адвокатуралардын чегерүүлөрүнүн кошулду: адвокатураларга чегерүүлөрдүн өлчөмүн аныктоо;
10) мүчөлүк төгүмдөрдүн өлчөмүн аныктоо жана … келбеген башка ыйгарым укуктар.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № алынып салынды: 180 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 180, 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205356/st-6" title="6-берене - Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>