1-берене
Күчүн жоготкон · 16.11.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 10, 1514-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 21-беренеде:
2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Төраганын орун басарынын кызмат ордуна талапкер, бош орун түзүлгөн күндөн тартып, тиешелүү фракция тарабынан 10 жумушчу күндүн ичинде сунушталат."; 3-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Бардык фракциялардын макулдугу менен Төраганын бир нече орун басарларын шайлоо альтернативдик эмес негизде бирдиктүү тизме менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Мында фракция бир гана талапкерди көрсөтүүгө укуктуу. Калган учурларда бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү менен жүзөгө ашырылат.".
2. 34-берененин 8-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Жашыруун добуш берүү жол-жобосун камсыз кылуу үчүн Жогорку Кеңеш убактылуу комиссияларды түзүү үчүн каралган тартипте эсептөө комиссиясын шайлайт.".
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 16.11.2022 · № 106
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205350/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>