Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
9-берене. Өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү жана бирден нускада же чакан партиялар менен Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн же Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген өлчөө каражаттарын каттоо
Күчүндө · 01.08.2022 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 1 августа 2022 года № 75
1. Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү же Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонуу үчүн арналган өлчөө каражаттарынын тиби жүгүртүүгө чыгарылганга чейин бекитилүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү стандарттык үлгүлөрдүн тиби жүгүртүүгө чыгарылганга чейин бекитилүүгө тийиш. Бирден нускада же 10 даанадан ашпаган чакан партиялар менен Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү же Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонуу үчүн арналган өлчөө каражаттары жүгүртүүгө чыгарылганга чейин катталууга тийиш.
2. Чет мамлекеттерде өндүрүлгөн өлчөө каражаттарына жүргүзүлгөн сыноолордун натыйжаларын таануу жана өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу жана метрология чөйрөсүндөгү улуттук органдары кошулган өз ара таануу жөнүндө башка уюмдардын макулдашууларына ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Өлчөө каражаттарынын тибин бекитүүнүн жана алардын тибин жана стандарттык үлгүлөрдү бекитүү белгисин колдонуунун, Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү же Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү өлчөө каражаттарын каттоонун, өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Евразия экономикалык бирлигинин алкагында өлчөө каражаттарынын тибин жана стандарттык үлгүлөрдү бекитүүнүн тартиби Евразия экономикалык бирлигинин укугу менен белгиленет.
(КР 2020-жылдын 4-мартындагы № 23, 2022-жылдын 1-августундагы № 75 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 01.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 1 августа 2022 года № 75 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об обеспечении единства измерений", "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об обеспечении единства измерений")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 4 марта 2020 года № 23 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об обеспечении единства измерений"Редакцияларды салыштыруу
01.08.2022 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…макулдашууларына ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Өлчөө каражаттарынын алынып салынды: жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүүнүн жана кошулду: алардын тибин жана стандарттык үлгүлөрдү бекитүү белгисин колдонуунун, Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү же … мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан кошулду: белгиленет. Евразия экономикалык бирлигинин алкагында өлчөө каражаттарынын тибин жана стандарттык үлгүлөрдү бекитүүнүн тартиби Евразия экономикалык бирлигинин укугу менен белгиленет.
(КР 2020-жылдын 4-мартындагы № алынып салынды: 23 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 23, 2022-жылдын 1-августундагы № 75 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-декабрындагы № 614 "Өлчөө каражаттарынын, стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү, бирден нускада же чакан партиялар менен Кыргыз Республикасында…Постановление · 17.12.2020 · № 614
- Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июлундагы № 357 токтомуПостановление · 18.07.2019 · № 357
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июлундагы № 357 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 227 "Ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү, тибин…Постановление · 18.07.2019 · № 357 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205339/st-9" title="9-берене - Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>