Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
4-берене. Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуунун мамлекеттик түзүмү
Күчүндө · 01.08.2022 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 1 августа 2022 года № 75
1. Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуунун мамлекеттик тутуму өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүү эрежелеринин жыйындысын, анын катышуучуларын жана жалпысынан өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу тутумунун иштөө эрежелерин билдирет.
2. Мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсү төмөнкүдөй учурларда аткарыла турган өлчөөлөргө жайылтылат:
1) саламаттык сактоо, ветеринария жаатында ишти жүзөгө ашырууда;
2) айлана чөйрөнү коргоо, транспорт кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында ишти жүзөгө ашырууда;
3) эмгектин коопсуз шарттарын жана коргоону камсыз кылуу боюнча иштерди аткарууда;
4) өндүрүүчү (сатуучу) менен керектөөчүнүн (сатып алуучунун) ортосундагы соода операцияларын жана өз ара эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда;
5) почта байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүндө жана электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн көлөмүн эсепке алууда (туташтыруунун узактыгын жана трафиктин көлөмүн);
6) техникалык жөнгө салуунун милдеттүү чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашырууда.
3. Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуунун мамлекеттик тутумунун катышуучулары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган;
2) метрология боюнча улуттук opган жана анын аймактык бөлүмдөрү;
3) метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик орган;
4) юридикалык жактардын метрологиялык кызматтары.
4. Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдын, метрология боюнча улуттук органдын жана метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик органдын компетенциясы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү жоболордо аныкталат.
5. Мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө иштерди аткарууда өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу боюнча метрологиялык кызматты түзүү милдеттүү болуп саналат.
(КР 2020-жылдын 4-мартындагы № 23, 2022-жылдын 1-августундагы № 75 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 01.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 1 августа 2022 года № 75 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об обеспечении единства измерений", "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об обеспечении единства измерений")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 4 марта 2020 года № 23 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об обеспечении единства измерений"Редакцияларды салыштыруу
01.08.2022 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…боюнча мамлекеттик органдын компетенциясы Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү жоболордо аныкталат.
5. Мамлекеттик жөнгө салуу … түзүү милдеттүү болуп саналат.
(КР 2020-жылдын 4-мартындагы № алынып салынды: 23 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 23, 2022-жылдын 1-августундагы № 75 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- 2024–2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын эталондук базасын өнүктүрүү программасы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы№ 251 токтомуна)Программа · 15.05.2024 · № 251
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-мартындагы № 143 "Бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу…Постановление · 24.03.2016 · № 143 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205339/st-4" title="4-берене - Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>