1-берене
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 137.
"Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 6, 535-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 6-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 6-8-пункттар менен толукталсын:
"6) укук коргоо органдарында же прокуратура органдарында кызматта тургандар, ошондой эле алардын кадрларынын тескөөсүндө болгондор:
7) судьянын кызмат ордуна конкурстук тандоого катышкандар жана анын жыйынтыктары боюнча Кеңеш тарабынан сунушталбагандар же болбосо Президент тарабынан кайтарылып берилгендер, же болбосо Жогорку Кеңеш тарабынан шайланбагандар;
8) Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинде тургандар.".
2. 7-беренеде:
1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 19-21-пункттар менен толукталсын: "19) Кеңештин курамына талапкерлерге ушул Мыйзам менен коюлуучу талаптарга ылайык келбөө фактысы белгиленгенде;
20) укук коргоо органдарында же прокуратура органдарында кызмат өтөө жана алардын кадрларынын тескөөсүндө болуу фактысы белгиленгенде;
21) укук коргоо органынын кызматкеринин наамын дискредитациялагандыгына байланыштуу укук коргоо органдарынан бошотулгандыгынын фактысы белгиленгенде.";
3-бөлүгүндө "3-18" деген сандар "3-21" деген сандарга алмаштырылсын.
3. 17-берененин 2-7-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын.
4. 19-беренеде:
2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Судьялардын кызмат ордуна талапкерлер боюнча Кеңеш тарабынан киргизилген сунуштарды Президент жана Жогорку Кеңеш тарабынан кароонун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат."; 3-6-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын.
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндөЗакон · 13.06.2011 · № 40 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205316/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>