Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүндө · 25.07.2019 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 12, 502-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 12-статьянын 7-бөлүгүндө "мамлекеттик кызматчылардын андан жогорку квалификациялык даражасына, класстык чендерине, атайын же аскердик наамдарына" деген сөздөр "андан жогорку атайын же аскердик наамга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 18-статьянын 3-бөлүгүндө ", ал эми катардагы курамдын жана кенже башкаруучу курамдын айрым кызматтарына дайындоо жана бошотуу бажы органдарынын жетекчилери тарабынан ишке ашырылат" деген сөздөр алып салынсын.
3. 34-статьянын 1-бөлүгүндө жана 3-бөлүгүнүн экинчи абзацында "эмгек жөнүндө" деген сөздөр алып салынсын.
4. 35-статьянын 2-бөлүгүндө "Эмгек кодексине" деген сөздөр "мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 48-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 13-15-пункттар менен толукталсын:
"13) эгерде бул документтер же маалыматтар бажы органдарына кызматка кирүүсүнө тоскоол болуучу негиз болуп саналса, бажы органдарына кызматка кирүүдө кызматкердин жасалма документтерди же билип туруп жалган маалыматтарды берүүсү;
14) эгерде анын тартиптик жаза марасы болсо. кызматкердин кызматтык милдеттерди жүйөлүү себептерсиз бир нече жолу аткарбоосу;
15) мамлекеттик кызмат жөнүндө жана коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө мыйзамдарда белгиленген учурларда.".
Берененин тексти 25.07.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндөЗакон · 21.07.1998 · № 93
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205304/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>