29-берене. Эл аралык келишимдердин түп нускаларын (күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн) сактоо
Күчүндө · 24.07.2025 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 июля 2025 года № 153
1. Кыргыз Республикасы түзгөн мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин (көп тараптуу эл аралык келишимдердин депозитарийлеринен алынган күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн), ошондой эле каттардын жана ноталардын (каттардын жана ноталардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн) түп нускаларын сактоо, эгерде көрсөтүлгөн эл аралык келишимдер каттарды же ноталарды алмашуу жолу менен түзүлсө, тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Кыргыз Республикасы түзгөн мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин (көп тараптуу эл аралык келишимдердин депозитарийлеринен алынган күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү), ошондой эле каттардын жана ноталардын (каттардын жана ноталардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү) түп нускалары, эгерде көрсөтүлгөн эл аралык келишимдер каттарды же ноталарды алмашуу жолу менен түзүлсө, аларга тиешелүүлүгүнө жараша кол коюлган же каттарды же ноталарды алмашуу аркылуу түзүлгөн күндөн (депозитарийден күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн алгандан) тартып эки жумалык мөөнөттө тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сактоого өткөрүлөт.
Эгерде көрсөтүлгөн эл аралык келишимдер каттарды же ноталарды алмашуу аркылуу түзүлгөн болсо, тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттер аралык же өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин (көп тараптуу эл аралык келишимдердин депозитарийлеринен алынган күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү), ошондой эле каттардын жана ноталардын (каттардын жана ноталардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү) түп нускалары келип түшкөн күндөн тартып бир айдын ичинде күбөлөндүрөт жана алардын көчүрмөлөрүн Кыргыз Республикасынын тиешелүү кызыкдар мамлекеттик органдарына жиберет.
3. Кыргыз Республикасы түзгөн ведомстволор аралык эл аралык келишимдердин түп нускалары (күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү) тиешелүү мамлекеттик органдарда ведомстволор аралык эл аралык келишимдерди сактоо үчүн арналган өзүнчө архивдерде туруктуу негизде сакталат.
Тиешелүү мамлекеттик органдар ведомстволор аралык эл аралык келишимдерге кол коюлган (ведомстволор аралык көп тараптуу эл аралык келишимдердин депозитарийлеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн алган) же каттарды алмашуу аркылуу аларды түзгөн күндөн тартып эки жуманын ичинде күбөлөндүрөт жана алардын көчүрмөлөрүн тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет. (КР 2025-жылдын 24-июлундагы № 153 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
29-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-октябрындагы № 747 "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин колдонуу, токтотуу, эсепке алуу жана жарыялоо…Постановление · 20.11.2025 · № 747
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-январындагы № 56 "Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан Кепилдик милдеттенмени берүү жана толтуруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү…Постановление · 27.01.2014 · № 56 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205286/st-29" title="29-берене - Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>