Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин колдонуу, токтотуу, эсепке алуу жана жарыялоо маселелери жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2025-жылдын 20-ноябры № 747
Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин колдонуу, токтотуу, эсепке алуу жана жарыялоо маселелери жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24, 26, 27, 29, 40-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин күчүнө кириши, колдонулушун токтотуп туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) жөнүндө билдирүүнүн, ошондой эле аларды жарыялоонун тартиби 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин каттоонун жана эсепке алуунун бирдиктүү мамлекеттик системасы жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-январындагы № 24 “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүү, колдонулушу жана токтотуу, ошондой эле аларды мамлекеттик каттоо жана жарыялоо маселелери жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 92 (3748) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин каттоонун жана эсепке алуунун бирдиктүү мамлекеттик системасы жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Положение · 20.11.2025 · № 747
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин күчүнө кириши, колдонулушун токтотуп туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) жөнүндө билдирүүнүн, ошондой эле аларды…Порядок · 20.11.2025 · № 747
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-январындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүү, колдонулушу жана токтотуу, ошондой эле аларды мамлекеттик…Постановление · 27.01.2015 · № 24 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин каттоонун жана эсепке алуунун бирдиктүү мамлекеттик тутуму жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-январы № 24…Положение · 27.01.2015 · № 24 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-январындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүү, колдонулушу жана токтотуу, ошондой эле аларды мамлекеттик…Постановление · 27.01.2015 · № 24 · Күчүн жоготкон