23-берене. Кыргыз Республикасы тарабынан мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин убактылуу колдонулушун токтотуу
Күчүндө · 24.07.2025 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 июля 2025 года № 153
1. Кыргыз Республикасы мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин (алардын бөлүктөрүнүн) убактылуу колдонулушун токтотот, эгерде:
1) тиешелүүлүгүнө жараша Президент же Министрлер Кабинети алардын компетенциясынын чегинде ушул Мыйзамдын 18-беренесине ылайык бекитилүүгө тийиш болгон убактылуу колдонуп жаткан мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимди бекитпөө жөнүндө биротоло чечим кабыл алса;
2) тиешелүүлүгүнө жараша Президент же Министрлер Кабинети өзүнүн компетенциясынын чегинде ушул Мыйзамдын 11-беренесине ылайык ратификацияланууга тийиш болгон мамлекеттер аралык же өкмөттөр аралык эл аралык келишимди ратификациялоо жөнүндө сунушту жактырбоо жөнүндө биротоло чечим кабыл алса;
3) Жогорку Кеңеш мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерди ратификациялабоо жөнүндө биротоло чечим кабыл алса.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чечимдер кабыл алынган учурда тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органы депозитарийге же эл аралык келишимди убактылуу колдонгон тараптарга тиешелүү билдирүү жиберет.
(КР 2025-жылдын 24-июлундагы № 153 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205286/st-23" title="23-берене - Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>