22-берене. Кыргыз Республикасы тарабынан мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин убактылуу колдонулушу
Күчүндө · 24.07.2025 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 июля 2025 года № 153
1. Мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдер же алардын бөлүктөрү күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасы тарабынан эл аралык укуктун ченемдерине ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген бөлүгүндө убактылуу колдонулушу мүмкүн.
2. Мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерди же алардын бөлүктөрүн Кыргыз Республикасы тарабынан убактылуу колдонулушу жөнүндө чечим андай эл аралык келишимдерге кол коюу жөнүндө чечим кабыл алган мамлекеттик кызмат адамы же мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынат.
3. Кыргыз Республикасы тарабынан убактылуу колдонулуучу мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдер (алардын бөлүктөрү), алар күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдериндей эле тартипте аткарылууга жана сакталууга жатат.
(КР 2025-жылдын 24-июлундагы № 153 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 24 июля 2025 года № 153 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О международных договорах Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
24.07.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Кыргыз Республикасы тарабынан эл аралык укуктун ченемдерине ылайык кошулду: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген бөлүгүндө убактылуу колдонулушу мүмкүн. 2. Мамлекеттер аралык жана өкмөттөр … келишимдериндей эле тартипте аткарылууга жана сакталууга жатат. кошулду: (КР 2025-жылдын 24-июлундагы № 153 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205286/st-22" title="22-берене - Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>