Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2014-жылдын 21-апрели № 61 Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 89-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: "Жеке менчик формасындагы юридикалык жактар өзүнүн аталышында мамлекеттик (муниципалдык) органдардын аталышын, ошондой эле саясий (атайын) жана жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарына кирген кызмат орундарынын аталыштарын пайдаланууга укуксуз.".
2-берене.
Өзүнүн аталышында мамлекеттик (муниципалдык) органдардын аталышын, ошондой эле саясий (атайын) жана жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарына кирген кызмат орундарынын аталыштарын пайдаланган жеке менчик формасындагы юридикалык жактар ушул Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып бир жылдын ичинде юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өзүнүн аталышын өзгөртүүгө милдеттүү. Ушул Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып өзүнүн аталышынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу бир жылдын ичинде белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон өтпөгөн юридикалык жактар юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо функцияларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдын тиешелүү арызынын негизинде сот тарабынан мажбурлап жоюлууга жатат.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.