Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
13-статья. Саламаттык сактоо укугу жана ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруу
Күчүндө · 03.04.2014 редакциясы
Аскер кызматчылары, ошондой эле аскер жыйындарында жүргөн аскер кызматына милдеттүүлөр санитардык-гигиеникалык, эпидемияга каршы, дарылоо-алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү, ден соолуктун абалына туруктуу көзөмөлдү жүзөгө ашыруу, медициналык бөлүмдөрдө, бөлүктөрдө жана мекемелерде медициналык жардамдын бардык түрүн көрсөтүү менен ишке ашырылуучу саламаттык сактоо укугуна ээ. Аскер кызматчылары амбулаториялык же стационардык медициналык текшерүүдөн милдеттүү түрдө жыл сайын өтүшөт. Аскер жыйындарында жүргөн аскер кызматчыларын жана аскер кызматына милдеттүүлөрдү өздөрүнүн кат түрүндөгү макулдугусуз жана ден соолукка тийгизген таасиринин мүмкүн болуучу кесепеттерин алдын ала түшүндүрүүсүз аларга тажрыйба, эксперимент жана башка илим-изилдөө иш-чараларын жүргүзүүгө тыюу салынат. Изилдөөгө алынгандын талабы боюнча ар кандай этапта жана анын ден соолугуна коркунуч келип чыккан учурда эксперимент токтотулат. Аскер кызматчылары жана аскер жыйындарында жүргөн жарандар акысыз медициналык жардам алууга, акысыз дары-дармектер, медициналык арналыштагы буюмдар менен аскердик-медицина мекемелеринде камсыз болууга укуктуу. Аскер кызматы жеринде жана аскер кызматчылары жашаган жерде аскердик-медицина мекемелери, аларда тиешелүү бөлүмдөр, же болбосо атайын медициналык жабдуулар жок болсо, ошондой эле, шашылыш учурларда медициналык жардам алардын ведомстволук таандыгына карабастан, саламаттык сактоо жайларында акысыз көрсөтүлөт. Аскер кызматчыларына жана аскер жыйындарында жүргөн жарандарга көрсөтүлгөн медициналык жардамдын чыгымдары көрсөтүлгөн саламаттык сактоо мекемелерине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте төлөнүп берилет. Аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрүн медициналык камсыз кылуу аскер кызматкерлери менен бирдей жүзөгө ашырылат. Аскер кызматынан бошотулган (кадыр-баркын кетирген негиздерди кошпогондо) жана 20 жыл жана андан ашык иштеген аскер кызматчылары, алардын үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле аскердик милдеттерин аткарууда алган жаракаттын (контузиянын), травманын же майыптыктын же болбосо аскер кызматында болуу менен байланышкан оорулардын кесепетинен майып болуп бошотулган аскер кызматчылары иштеген жылдарына карабастан саламаттык сактоонун аскердик жана жарандык уюмдарында акысыз медициналык жардамга укуктуу. Аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү (мөөнөттүк кызматтын аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрүнөн тышкары) жылына бир жолудан ашык эмес аскердик санаторияларда жана эс алуу үйлөрүндө, пансионаттарда жана туристтик базаларда жеңилдетилген шарттарда 12 күндүн ичинде санаториялык-курорттук дарыланууга укуктуу. Көрсөтүлгөн аскер кызматчылары жолдомонун наркынын - 25 пайызын, ал эми алардын үй-бүлө мүчөлөрү - 50 пайызын төлөшөт. Аскердик санаторияларда жана эс алуу үйлөрүндө, пансионаттарда жана туристтик базаларда санаторийлик-курорттук дарылануу укугу 20 жыл жана андан ашык иштеген контракттык кызматтын бошотулган (кадыр-баркын кетирген негиздерди кошпогондо) аскер кызматчыларына жолдомонун наркынын 50 пайызын төлөө менен сакталып калат. Көрсөтүлгөн аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү жолдомонун наркынын - 75 пайызын төлөшөт. Аскер кызматынын милдеттерин аткарууда алардын ден соолугуна зыян келтирилген учурда аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана шарттарда зыяндын ордун толтуртуу укугуна ээ.".
9. 14-статьяда:
2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Катардагы, сержант жана старшина курамдарындагы кызмат орундарында турган контракттык кызматтын аскер кызматчылары орто жана жогорку кесиптик билим берүү окуу жайларына 10 жыл ичинде үзгүлтүксүз аскер кызматын өтөгөн шартта өткөн учурда окуу үчүн акы төлөө мамлекеттин эсебинен жүргүзүлөт.''; статья төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-бөлүктөр менен толукталсын: "Контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары аскердик кызмат ордун өзгөрткөндө, ошондой эле алар аскердик кызматта болуунун чектүү жашына чыккандыгы, деп соолугунун абалы боюнча же алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн уюштуруу-штаттык иш-чараларына байланыштуу аскердик кызматтан бошотулганда, мамлекеттик билим берүү мекемелеринде окугандар (тарбиялануучулар) жаңы аскердик кызмат ордуна же жашаган жерине жакын билим берүү мекемесине которулууга укуктуу. Аскер кызматчыларынын балдарына алардын үй-бүлөсүнүн жашаган жери боюнча мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде жана жайкы ден соолукту чыңдоочу мамлекеттик лагерлерде орундар биринчи кезектеги тартипте берилет.".
10. 15-статьянын 3-бөлүгүндө "офицер курамынын, прапорщиктердин, мичмандардын жана мөөнөттүк кызматтагы аскер кызматчыларынын" деген сөздөр "контракт боюнча аскердик кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11. 16-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндө "ээлеген кызматы боюнча каралган аскердик наамдан бир баскычка жогору" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын: статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын: "Аскер кызматчылары аскердик кызматынан бошотулганда аскер кызматчыларында ыйгарылган аскердик наамдары сакталат. Жасаган кылмышы үчүн жаза катары сот тарабынан аскердик наамынан ажыратуу колдонулган учурларды кошпогондо, аскер кызматчылары ыйгарылган аскердик наамдарынан ажыратылышы мүмкүн эмес.".
12. 17-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17-статья. Кызмат орундарын ээлөөгө жана кызмат боюнча которулууга укугу Аскер кызматчысы: кызматтык квалификациясына, аскердик наамына жана кызматтык ишинде жетишилген натыйжаларга ылайык кызматтарды ээлөөгө; өзүнүн квалификациясын жогорулатууга; аскер кызматчысынын же анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугу боюнча, үй-бүлөлүк жагдайлары боюнча, бийик тоолуу райондордо, алыскы жана барууга кыйын зоналарда белгиленген кызмат мөөнөттөрүн өтөгөндүгү боюнча кызматтан которулууга укуктуу. Аскер кызматчылары ошондой эле кызматтан көтөрүлүү укугуна ээ. Контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары бул укукту, эреже катары альтернативдик (сынактык) негизде ишке ашырышат.".
13. 18-статьянын 2-бөлүгүндө "Офицер курамындагы адамдар, прапорщиктер, мичмандар жана ашык мөөнөттүк аскер кызматчылары" деген сөздөр "Контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
14. 20-статьяда:
3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Балдарын атасыз (энесиз) тарбиялап жатышкан аскер кызматчылары үй-бүлөнү, энеликти жана балалыкты коргоо жөнүндө мыйзамдарга жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык социалдык кепилдиктерди жана компенсацияларды пайдаланышат."; 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
15. 21-статьяда:
1-бөлүгүндө "Офицер курамынын, прапорщиктердин, мичмандардын жана ашык мөөнөттүк аскер кызматчыларынын" деген сөздөр "Контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларынын" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүгүндө "Эл депутаттарынын жергиликтүү Кеңештери" деген сөздөр "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын: "Аскердик кызматынын милдеттерин аткарууда курман болушкан аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнүн балдары башталгыч жана орто кесиптик билим берүүчү окуу жайларына сынактан тышкары кирүүдөн пайдаланышат.".
16. 22-статьянын 6-бөлүгүндө "аскер же эл сотуна" деген сөздөр "аскердик же райондук (шаардык) сотко" деген сөздөргө алмаштырылсын.
17. 24-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24-статья. Аскер кызматчыларын аскер кызматы менен шартталган укуктарда чектөөлөр Аскер кызматчылары аскердик кызматынын мүнөзүнө жана шарттарына жана алардын кызматтык милдеттерин аткаруу өзгөчөлүгүнө жараша Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн белгиленген төмөнкү укуктарда чектелет: аскер кызматчылары иш таштоо укугуна ээ эмес; аскер кызматчылары кесиптик бирликтердин мүчөлөрү боло алышпайт; аскер кызматчыларына жеке ишкердик иш менен алектенүүгө тыюу салынат; аскер кызматчыларына Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставында аныкталуучу тартипте эс алуу убактысы чектелиши (кызмат убактысы көбөйтүлүшү) мүмкүн; мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына жарандык жогорку жана орто кесиптик окуу жайларында окууга уруксат берилбейт; аскер кызматчыларына аскер бөлүктөрүнүн жайгаштырылуучу шарттарына байланыштуу жашаган жерин тандоо жана жер которуп жүрүү эркиндиги чектелген; аскер кызматчыларына саясий партиялардын мүчөсү болууга же саясий партиялардын жана саясий максаты бар уюмдардын ишине катышууга, ошондой эле кандайдыр бир саясий партияны колдоп чыгууга жол берилбейт; аскер кызматчылары башка өлкөнүн жараны боло алышпайт, ал эми аскердик кызматтагы мезгилинде башка өлкөнүн жарандыгын алгандар кызматтан бошотулууга жатат; аскер кызматчыларына кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу аларга белгилүү болгон мамлекеттик, аскердик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды ачыкка чыгарууга тыюу салынат. Бири-бири менен жакын туугандар (ата-энелери, балдары, жубайлары, асырап алуучулар, асырап алынгандар, ата-энеси бир жана ата-энеси башка ага-инилер жана эже-сиңдилер, чоң эне, чоң ата, неберелери) болуп саналган аскер кызматчылары (мамлекеттик кызматчылардын иши), эгерде кызмат өтөөсү (иши) алардын бири экинчисине түздөн-түз баш ийүүгө же контролдоого байланышкан болсо, аскердик кызматты бир аскердик бөлүктө, бир кошуунда, башкармалыкта (департаментте) өтөөгө жол берилбейт. Укуктарын жана эркиндиктерин башка чектөөгө Кыргыз Республикасынын Конституциясында, мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган учурларда жана тартипте жол берилиши мүмкүн.".
18. 26-статьяда ", аскердик уставдар жана башка укуктук актылар" деген сөздөр алып салынсын.
19. 27-статьяда:
3-бөлүгүндө "офицер курамындагы адамдар, прапорщиктер, мичмандар жана ашык мөөнөттүк кызматтын аскер кызматчылары" деген сөздөр "контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары" деген сөздөргө алмаштырылсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-8-бөлүктөр менен толукталсын: "Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдар өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде аскер кызматчыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аскердик кызматтан бошотулган жарандарына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө кошумча социалдык кепилдиктерди жана компенсацияларды белгилөөгө укуктуу. Аларды укуктук коргоо чараларын, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган камсыз кылуунун материалдык жана башка түрлөрүн кошуп алганда, аскер кызматчыларына укуктук жана социалдык кепилдиктер ушул Мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жолу менен Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары аркылуу жокко чыгарылышы же андан башкача төмөндөтүлүшү мүмкүн эмес. Аскер кызматчыларына коюлган милдеттерди кандай гана шарттарда болбосун, анын ичинде өмүр үчүн тобокелдик менен кыйшаюусуз аткаруунун зарылдыгына байланышкан Кыргыз Республикасын куралдуу коргоого карата даярдык боюнча милдеттер жүктөлөт. Аскер кызматчыларына жүктөлгөн милдеттердин өзгөчө мүнөзүнө байланыштуу аларга социалдык кепилдиктер жана компенсациялар берилет.".
20. 31-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31-статья. Аскер кызматчыларынын жоопкерчилиги Аскер кызматчылары же аскер жыйындарына чакырылганда жарандар жасаган укук бузуулардын мүнөзүнө жана оордугуна жараша колдонуудагы мыйзамдарга ылайык тартиптик, администрациялык, материалдык, жарандык-укуктук жана жазык жоопкерчиликтерине тартылышат. Аскер кызматчылары аскердик наамына жана кызмат абалына карабастан мыйзам алдында бирдей.".
Берененин тексти 03.04.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205276/st-13" title="13-статья - Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>