12-статья. Турак жайлар менен камсыз кылынууга укугу, жер участокторуна акы төлөө
Күчүндө · 03.04.2014 редакциясы
12-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 12-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Аскер кызматчылары турак жайлар менен мамлекет тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилөөчү тартипте камсыз кылынат. Аскер кызматчыларына (мөөнөттүк кызматтагы аскер кызматчыларынан тышкары) жана аны менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө аскер кызматчысы кызмат ордуна келгенден тартып мыйзамдардын талаптарына жооп берүүчү турак жайлар берилет. Турак жайлар ошол региондогу калк үчүн кабыл алынгандан кем эмес ченемдер боюнча мамлекеттин фонддорунан бөлүп берилет. Аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү туруктуу турак жай алганга чейин кызмат орду боюнча (аскер бөлүгүнүн дарегине, убактылуу жашаган дарек боюнча) каттатышат. Аларга кызматтык турак жайлар берилет же кызмат орду боюнча убактылуу турак жай жалдагандыгы (жалдоо) үчүн акчалай компенсация төлөнүп берилет. Үй-бүлөсү бар жогорку аскер-окуу жайларынын курсанттары үй-бүлөлүк жатаканаларга жайгаштырылат, ал эми мындай жатаканалар жок болгон учурда аларга убактылуу турак жай жалдагандыгы (жалдоо) үчүн акчалай компенсация төлөнүп берилет. Жашы, оорусу, штаттарды кыскартуу же үй-бүлөлүк жана башка маанилүү жагдайлар боюнча запаска бошотулган же отставкага чыгышкан контракттык кызматтын аскер кызматчылары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан турак жайлар менен биринчи кезектеги тартипте камсыз кылынат. Мында офицерлерди кошпогондо, контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларын турак жайлар менен камсыз кылуу эгерде алар 20 жана андан ашык календардык жыл кызмат өтөгөн шартта көрсөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт. Аскер кызматынын милдеттерин аткаруу мезгилинде майып болушкан жана ушуга байланыштуу аскер кызматынан бошотулган аскер кызматчыларына турак жай аянты тандап алган жери боюнча кезексиз берилет. Полковник, ага теңдеш жана жогору наамдагы аскер кызматында турган, запаска же отставкага бошотулган офицер курамындагы адамдарга, ошондой эле аскер бөлүктөрүнүн командирлерине, аскер-окуу жайларынын окутуучу-аскер кызматчыларына, окумуштуу даражасы бар аскер кызматчыларына колдонуудагы мыйзамдар тарабынан белгиленген өлчөмдөгү кошумча турак жай аянты берилет. Эл аралык келишимдик милдеттенмелерге ылайык Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тизмекке ылайык бийик тоолуу райондорго, алыскы жана барууга кыйын зоналарга аскердик кызмат өтөөгө жиберилген, 20 календардык жыл жана андан ашык иштеген контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары үчүн алар ээлеген турак жай аянты (кызматтык турак жай аянтынан жана жабык же обочолонгон аскер шаарчаларында турган жайдан тышкары) алар чегарадан тышкары жана көрсөтүлгөн жерлерде болгон бардык мезгилге брондолот. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында турак жай аянтын брондоонун башка негиздери да кошумча каралышы мүмкүн. Турак жай-курулуш (турак) кооперативдерине кирген же жекече турак үй (квартира) курууну жүзөгө ашырган (сатып алган) жана башка турак үйү (квартирасы) жок аскер кызматчылары жеңилдетилген шарттарда ипотекалык кредит алууга укуктуу. Аскер кызматчыларына кызмат өтөгөн жери боюнча турак жайга акы төлөө же жекече турак жай курууга, жеке турак үй (квартира) сатып алууга финансы-кредит мекемелеринен алынган кредит боюнча карыздарын төлөөдө 15 календардык жыл ичинде аскер кызматын кынтыксыз жана үзгүлтүксүз өтөгөндөргө - 50 пайыз өлчөмүндө, 20 календардык жыл же андан ашык иштегендерге - 100 пайыз өлчөмүндө акысыз финансылык жардам көрсөтүлөт. 15 жана андан ашык календардык жыл кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына алар запаска же отставкага бошогондон кийин жашай турган калктуу пункттарда турак жай-курулуш (турак жай) кооперативдерине кирүү укугу берилет. Аскер кызматчылары (мөөнөттүк кызматтагы аскер кызматчыларынан тышкары), ошондой эле аскер кызматынан жашы, ден соолугу, штаттардын кыскарышы, үй-бүлөлүк абалы жана башка маанилүү жагдайлар боюнча запаска же отставкага бошотулган, 20 жана андан ашык календардык жыл кызмат өтөгөн адамдар жерге ижара акысын төлөөдөн бошотулушат. Жашы, ден соолугу, штаттардын кыскарышы же үй-бүлөлүк жана башка маанилүү жагдайлар боюнча запаска же отставкага бошотулган, 20 жана андан ашык календардык жыл кызмат өтөгөн офицер курамындагы адамдарга, прапорщиктерге жашоого тандап алган жеринде алар ээлеп турган же аларга берилген мамлекеттик квартиралар жеке менчикке бекер берилет. 2 жылдык мөөнөткө запастан кыска мөөнөттүк аскер кызматына чакырылган, ошондой эле 3 жылга чейинки мөөнөткө контракт боюнча аскер кызматына кабыл алынган офицерлерге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө алар запастан аскердик кызматка аныкталганга чейин ээлеген турак жайы бул кызматты өтөөнүн бүткүл мезгилине сакталып калат. Алар турак жай аянтын алуу тизмесинен чыгарылышы мүмкүн эмес. Мөөнөттүк кызматтын аскер кызматчыларына алар кызматка чакырылганга чейин ээлеп турушкан турак жайы сакталып калат жана алар турак жай алуу кезегинин тизмесинен чыгарылышы мүмкүн эмес. Эгерде үй-бүлөнүн курамында өз алдынча эмгек акысы бар адамдар болбосо, мөөнөттүк кызматтагы аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү алар ээлеп турган турак жайы үчүн колдонуудагы мыйзамдар тарабынан белгиленген учурдагы квартира акысынын эң аз ставкасы боюнча төлөнөт. Ушул статьяда каралган турак жайга болгон укуктар бузулган учурда аскер кызматчылары, аскер кызматынан запаска же отставкага бошотулган адамдар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү алардын мыйзамдуу укуктарын канааттандыруу жана зыян келтирилген учурда ордун толтуруу жөнүндө тиешелүү аскер башкармасынын органына же башка мамлекеттик органга доо коюу менен сотко кайрылуу укугуна ээ. Турак жайлар менен камсыз болгон аскер кызматчылары аскердик кызмат өтөп жаткан мамлекеттик орган менен турак жай жалдоо келишимин түзөт. Келишимде турак жайды берүү, аны күтүү жана бошотуу тартиби аныкталат. Келишимди түзүү шарты жана тартиби аскер кызматчысы аскердик кызмат өтөп жаткан мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталат. Эгерде алар мамлекет тарабынан турак жай менен камсыз кылынган болсо, аскер кызматчыларын бир мамлекеттик органдан башкасына которууда мындай аскер кызматчылары турак жай шарттарын жакшыртуу учурларынан тышкары, жаңы кызмат өтөө орду боюнча турак жай алууга талапкер боло алышпайт. Контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан жана аскердик кызматта календардык эсептөөдө 10 жана андан көп жыл иштеген жылдары бар аскер кызматчылары турак жай алууга, жеке турак жай курууга зайым алуу жолу, анын ичинде курулушка үлүштүк катышуу жолу менен турак жайга укугун ишке ашыра алышат. Аскердик кызматынын календардык узактыгы 20 жана андан көп жылды түзгөн, аскердик кызматтан бошотулуп жаткан убакта турак жай менен камсыз болбогон офицердик курамдын адамдары жана прапорщиктер бошотулуунун алдында акыркы аскердик кызмат өтөгөн орду боюнча турак жай алууга (турак жай шартын жакшыртууга) кезекке тургандардын тизмесинен алардын макулдугу жок чыгарылбайт жана ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык турак жай менен камсыз болушат. Аскердик кызматтан бошотулган аскер кызматчыларынын жана жарандардын ушул берененин 5 жана 6-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн кандай болбосун формаларда турак жайга болгон укугун ишке ашыруусу, аскердик кызматтан бошотулган аскер кызматчыларынын жана жарандарынын мамлекеттик турак жай менен камсыз кылууга байланышкан мындан аркы укуктук мамилелерин токтотот. Аскердик кызматтын милдеттерин аткарган мезгилде, Кыргыз Республикасын куралдуу коргоодо, жамааттык коопсуздук боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткарууда же тынчтыкты сактоочу операцияларга кагышууда, ошого тете эле жаратылыш кырсыктарынын, катастрофалардын жана авариялардын кесепеттерин жоюуда майып болгон жана ушуга байланыштуу аскердик кызматтан бошотулган аскер кызматчылары иштеген жылдарына карабастан тандап алып жашаган жери боюнча биринчи кезекте турак жайга укугун ишке ашырышат. Эскертүү. Аскер шаарчасы - аскердик бөлүктү (мекемени) квартирага айландыруу жана аскер кызматчыларын, жумушчуларды жана кызматчыларды жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу бир жер участогунда жайгашкан имараттардын жана курулмалардын комплекси. Аскер шаарчалары ачык жана жабык болуп бөлүнөт. Жабык аскер шаарчаларына калктуу пункттарда жайгашкан өткөрмө тутуму бар аскердик бөлүктөрдүн аскер шаарчалары, ошондой эле калктуу пункттардан тышкары жайгашкан аскердик бөлүктөрдүн өзүнчө обочолонгон аскер шаарчалары кирет.
Берененин тексти 03.04.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205276/st-12" title="12-статья - Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>