Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүндө · 03.04.2014 редакциясы
"Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Свободные горы" гезитинин № 1 тиркемеси, 1992-жылдын августу) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-3-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-статья. Аскер кызматчыларынын статусу Аскер кызматчыларынын статусу Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана анын негизинде чыккан мыйзамдарда жана башка актыларда белгиленген, мамлекет тарабынан кепилденген укуктардын жана эркиндиктердин, ошондой эле милдеттердин жана жоопкерчиликтердин жыйындысы. Аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарынан жана эркиндиктеринен аскер кызматынын шарттары менен шартталган чектөөлөр менен пайдаланышат. Аларга конституциялык, башка жалпы жарандык, ошондой эле аскердик-кызматтык милдеттер жүктөлөт. Аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн кандайдыр бир укуктарынан жана эркиндиктеринен Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келгенден башкача ажыратууга же алардын укуктарын чектөөгө эч ким укуксуз. Жалпы жарандык укуктарды чектөөлөр, ошондой эле аскер кызматчыларына кошумча укуктарды берүү жана аларга аскер кызматынын шарттары менен шартталган кошумча милдеттерди берүү ушул Мыйзамда, жалпы аскердик уставдарда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларында аныкталат. Согуш убагында, мобилизациялоо мезгилинде, өзгөчө абалдын шарттарында жана куралдуу чыр-чатактарда аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчыларынын статусунун өзгөчөлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
Берененин тексти 03.04.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- О статусе военнослужащихЗакон · 01.07.1992 · № 930-XII
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205276/st-1" title="1-берене - Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>