6-берене. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары
Күчүндө · 13.06.2024 редакциясы · 2-глава
1. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте түзүлөт (аныкталат).
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мергенчилик фонду аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагында болот.
3. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өз ишин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аткаруу бийлик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле башка юридикалык жана жеке жактар менен өз ара тыгыз аракеттенүү менен жүзөгө ашырат.
4. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын иш-милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
1) аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;
2) юридикалык жактардын (аңчылыкты пайдалануучулардын) мергенчилик чарбалык иштерди жүргүзүүсүн жөнгө салуу, анын ичинде:
а) юридикалык жактардын белгилүү бир мергенчилик кылуучу жерлерде мергенчилик чарбасын жүргүзүү укугун алуусуна сынактарды өткөрүү;
б) юридикалык жактар менен мергенчилик чарбасын жүргүзүү жөнүндө келишимдерди түзүү/бузуу;
в) аңчылыкты пайдалануучулардын аңчылык пландарын макулдашуу;
г) аңчылык жаныбарларынын мониторингин жүзөгө ашыруу боюнча усулдук нускамаларды иштеп чыгуу жана бекитүү;
д) аңчылыкты пайдалануучулар тарабынан олжолонгон аңчылык жаныбарларынын эсебин алуу параметрлерин белгилөө;
3) жеке жактар тарабынан аңчынын статусун алуусун жана аңчылыкты жүзөгө ашырууга алардын укугунун ишке ашырылышын жөнгө салуу, анын ичинде:
а) мергенчилик минимумун түзүү, жарыялоо жапа ал боюнча экзамен тапшыруу боюнча иштерди уюштуруу жана координациялоо;
б) мамлекеттик мергенчилик ырастамаларын, аңчылык жаныбарларын атайын пайдаланууга уруксаттарды жана табигый чөйрөдөн алынган жана колдо кармалган алгыр жырткыч куштарга жана башка аңчылык жаныбарларына идентификациялык карталарды (паспортторду) белгиленген тартипте жол-жоболоштуруу, берүү, алып коюу, кайтарып берүү, жокко чыгаруу жана жараксыз деп таануу;
в) пломбаларды (биркаларды, шакекчелерди, микрочиптерди) даярдоону, берүүнү жана жок кылууну координациялоо;
г) жапайы фаунанын жана флоранын жоголуп кетүү коркунучу алдында турган түрлөрүн эл аралык соодалоо боюнча Конвенциянын (мындан ары - CITES Конвенциясы) колдонулушуна туура келбеген аңчылык жаныбарларын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгарууга уруксаттарды жана CITES Конвенциясынын колдонулушуна туура келген аңчылык жаныбарларын, алардын бөлүктөрүн же дериваттарын Кыргыз Республикасын чегине алып келүүгө/чегинен тышкары алып чыгарууга уруксаттарды, ошондой эле аңчылык жасоого же көргөзмөлөргө, мелдештерге жана башка иш-чараларга катышуу максатында алгыр жырткыч куштарды Кыргыз Республикасына алып келүүгө/чегинен тышкары алып чыгарууга маалымкаттарды белгиленген тартипте жол-жоболоштурууну, берүүнү, колдонулушун токтото турууну, алып коюуну, кайтарып берүүнү, жокко чыгарууну жүзөгө ашыруу;
д) табигый чөйрөдөн алынган жана колдо кармалган алгыр жырткыч куштарды жана башка аңчылык жаныбарларын жана аларды баккан юридикалык жана жеке жактарды каттоону жүргүзүү;
4) аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү юридикалык жана жеке жактардын ишине жана аракеттерине мамлекеттик мергенчилик контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруу, анын ичинде:
а) өндүрүштүк мергенчилик контролду уюштурууда жана жүзөгө ашырууда аңчылыкты пайдалануучуларга көмөк көрсөтүү;
б) мамлекеттик, өндүрүштүк жана коомдук мергенчилик контролдун келип түшкөн материалдарын жана маалыматтарын кароого кабыл алуу;
в) айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзам бузуулар жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине жана алардын жашоо чөйрөсүнө залал келтирүү жөнүндө протоколдорду түзүү;
г) күнөөлүү адамдарга белгиленген тартипте айыптарды салуу жана башка администрациялык жазаларды колдонуу, зарыл болгондо - күнөөлүү аламдарды белгиленген жоопкерчиликке тартуу үчүн иштерди укук коргоо жана сот органдарынын кароосуна белгиленген тартипте өткөрүп берүү;
д) мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишимдердин шарттарын сактоо предметине аңчылыкты пайдалануучулардын ишин текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруу;
е) айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин жана алардын жашоо чөйрөсүн пайдалануу жөнүндө мыйзамдарды бузуунун кесепетинен жаныбарлар, ошондой эле өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирилген залалдын ордун толтуруу жөнүндө доолорду табылган тартип бузуулар боюнча юридикалык жана жекече жактарга белгиленген тартипте коюу;
5) юридикалык жактарга мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугу берилбеген мергенчилик кылуучу жерлерде зарыл болгондо биотехникалык иш-чараларды жүргүзүү;
6) аңчылык ресурстарынын жана алардын жашоо чөйрөсүнүн абалына ар дайым мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу;
7) аңчылык ресурстарынын кадастрын жүргүзүү;
8) чарбалар аралык аңчылык жүргүзүүнү уюштуруу боюнча иштерди координациялоо жана жүзөгө ашыруу;
9) жаныбарлардын, анын ичинде адамдар жана жаныбарлар үчүн жалпы жугуштуу ооруларды табуу, пайда болуусунун жана жайылып кетишинин алдын алуу боюнча ветеринардык-санитардык, профилактикалык чараларды жана иш-чараларды мамлекеттик ветеринария менен бирдикте уюштуруу жана жүзөгө ашыруу;
10) аңчылык жаныбарларына жана алардын жашоо чөйрөсүнө карата эл аралык деңгээлде Кыргыз Республикасынын атынан өз компетенциясынын чегинде чыгууга катышуу;
11) мергенчилик чарба иштери, илимий изилдөөлөр, аңчылык ресурстарын сактоо, аларды көбөйтүү жана туруктуу пайдалануу боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
12) республикалык, региондук жана мамлекеттер аралык экологиялык маалымат тутумдарынын алкагында белгиленген тартипте экологиялык маалыматтарды жыйноону жана алмашууну; чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар менен мергенчилик чарба иши чөйрөсүндө кызматташууну жүзөгө ашыруу;
13) мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, калк жана башка кызыкдар жактар менен белгиленген тартипте өз ара аракеттенүү;
14) аңчылык ресурстары жана алардын жашоо чөйрөсү тууралуу билимдерди пропагандалоону жана жайылтууну жүзөгө ашыруу;
15) мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү боюнча юридикалык жактарга кеңеш берүү жана усулдук жардамдарды көрсөтүү, финансылык жана башка кызмат көрсөтүүлөргө көмөктөшүү.
5. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик мергенчилик ырастамаларды жана уруксат берүүчү документтерди берүү үчүн төлөм алууга;
2) сот органдарында доогер жана жоопкер катары өз алдынча чыгууга;
3) аңчылык ресурстарын жана алардын жашоо чөйрөсүн сактоо, көбөйтүү жана пайдалануу чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактардан (анын ичинде чет өлкөлүк) маалымкаттарды, маалыматтарды, отчетторду жана документтерди (алардын көчүрмөлөрүн) белгиленген тартипте сурап алууга жана алууга;
4) өзүнүн ыйгарым укуктарына киргизилген маселелер боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук бирикмелер жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүүгө;
5) жеке жана юридикалык жактарды ыктыярдуу негизде өзүнүн ишине тартууга.
6. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнүндө Жобого ылайык жүзөгө так ашырууга милдеттүү.
7. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын кызмат адамдары өздөрүнүн укукка каршы аракеттери (аракетсиздиги) үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
Берененин тексти 13.06.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 205 токтомуПостановление · 02.05.2019 · № 205
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 205 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү…Постановление · 02.05.2019 · № 205 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205263/st-6" title="6-берене - Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>