17-2-статья. Жалпыга белгилүү товардык белгиге укуктук коргоо берүү
Күчүн жоготкон · 24.03.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 24 марта 2023 года №70.
Жалпыга белгилүү товардык белгини укуктук коргоо ушул Мыйзамдын 17-1-статьясынын 1-бөлүгүнө ылайык берилген арыз боюнча кабыл алынган Апелляциялык кеңештин чечиминин негизинде берилет. Жалпыга белгилүү болуп таанылган товардык белги Кыргызпатент тарабынан Кыргыз Республикасынын Жалпыга белгилүү товардык белгилеринин мамлекеттик реестрине киргизилет. Жалпыга белгилүү товардык белгиге күбөлүк берүү Кыргыз Республикасынын Жалпыга белгилүү товардык белгилеринин мамлекеттик реестрине киргизген күндөн тартып бир айдын ичинде Кыргызпатент тарабынан жүзөгө ашырылат. Күбөлүктүн формасы жана анда көрсөтүлүүчү маалыматтардын курамы Кыргызпатент тарабынан белгиленет. Жалпыга белгилүү товардык белгиге тиешелүү маалыматтар Кыргыз Республикасынын Жалпыга белгилүү товардык белгилеринин мамлекеттик реестрине товардык белгини киргизген күндөн тартып үч айдын ичинде Кыргызпатент тарабынан расмий бюллетенде жарыяланат.".
18. Мамлекеттик тилдеги 19-статьянын текстинде:
2-бөлүгүндө "белгисинин" жана "пайдалануу," деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "белгинин" жана "пайдаланууну" деген сөздөргө алмаштырылсын: 3-бөлүгүндө "ар кандай адамдын" деген сөздөр "кайсы жактын болбосун" деген сөздөргө алмаштырылсын.
19. Мамлекеттик тилдеги 20-статьянын 5-бөлүгүндө "аракети" жана "ар кандай адамдын" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "күчү" жана "кайсы жактын болбосун" деген сөздөргө алмаштырылсын.
20. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 23-1-статья менен толукталсын:
"23-1-статья. Товардык белгинин күрөө келишими Товардык белгиге өзгөчө укук күрөөсү жөнүндө келишим түзгөн учурда, товардык белгинин ээси, эгерде келишимде башкасы каралбаса, ушул келишим колдонулган мөөнөттүн ичинде өз товардык белгисин пайдаланууга жана күрөө кармоочунун макулдугусуз ага карата өзгөчө укугун тескөөгө укуктуу. Жамааттык товардык белгилерге өзгөчө укуктар күрөө предмети боло албайт.".
21. 24-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "24-статья. Товардык белгини өткөрүп берүү жөнүндөгү келишимди, лицензиялык келишимди жана товардык белгинин күрөө келишимин каттоо"; 1-бөлүгүндө "жана лицензиялык келишим" деген сөздөр ", лицензиялык келишим жана товардык белгинин күрөө келишими" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүгүндө "22 жана 23" деген сандар "22, 23 жана 23-1" деген сандарга алмаштырылсын.
22. Мамлекеттик тилдеги 25-статьяда:
1-бөлүгүндө "товардык белгинин катталыш аракетинин күчүнүн бүткүл мөөнөтүндө" деген сөздөр "анын каттоо күчүнүн мөөнөтүнүн ичинде" деген сөздөргө алмаштырылсын; 4-бөлүгүндө "Ар кандай адам" деген сөздөр "Кайсы жак болбосун" деген сөздөргө алмаштырылсын; 5-бөлүгүндө "өтүнүч" деген сөз "өтүнмө" деген сөзгө алмаштырылсын.
23. 26-статьяда:
1-бөлүгүндө:
- 2 жана 3-пункттарында "мыйзамдуу күчүнө киришинин" деген сөздөр алып салынсын;
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) укук мураскорун түзбөстөн юридикалык жакты - товардык белгинин ээсин жоюуда же жеке жактын - товардык белгинин ээсинин ишкердик ишин токтотууда анын аракеттерин мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Кыргызпатенттин чечиминин негизинде;"; 2-бөлүгүндө "үч жылдын" деген сөздөр "бир жылдын" деген сөздөргө алмаштырылсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын: "Жалпыга белгилүү товардык белгини каттоонун токтотулушу ушул статьянын 1-бөлүгүнүн 3-6-пункттарында каралган негиздер боюнча, ошондой эле жалпыга белгилүү товардык белгинин ушул Мыйзамдын 17-1-статьясынын 1-бөлүгүндө белгиленген белгилерин жоготкон учурда, Апелляциялык кеңештин чечими боюнча токтотулат."; мамлекеттик тилдеги текстинде: статьянын аталышында "каттоонун аракетинин" деген сөздөр "каттоо күчүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын; 1-бөлүгүндө:
- биринчи абзацындагы "каттоонун аракети" деген сөздөр "каттоо күчү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1 жана 2-пункттарында "мыйзамдын" деген сөз "Мыйзамдын" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 3-пунктунда "аракетин" деген сөз "күчүн" деген сөзгө алмаштырылсын.
24. 28-статьянын 1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасы түзгөн эл аралык келишимдерге" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге" деген сөздөргө алмаштырылсын.
25. 29-статьяда:
4 жана 7-бөлүктөрүндө ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "кыргыз же орус тилдеринде" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "мамлекеттик же расмий тилде" деген сөздөргө алмаштырылсын; мамлекеттик тилдеги текстинде: 3-бөлүгүндө:
- үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"өтүнмө берилип жаткан белгилөө;";
- бешинчи абзацында "сүрөттөп жазылышы" деген сөздөр "сыпаттамасы" деген сөзгө алмаштырылсын;
5-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында "билдирилген" деген сөз "өтүнмө берилген" деген сөздөргө алмаштырылсын; 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Ушул статьянын 3-бөлүгүндө каралган документтер Кыргызпатентке келип түшкөн күн, ал эми эгерде көрсөтүлгөн документтер бир убакта берилбесе, анда берилген документтердин акыркысы келип түшкөн күн өтүнмө берилген күн деп эсептелет.".
26. 30-статьяда:
8 жана 9-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Алдын ала жүргүзүлүүчү экспертизанын натыйжалары жөнүндө Кыргызпатент өтүнмө ээсине кабарлайт. Өтүнмөнү алдын ала экспертизалоонун он натыйжалары жөнүндө бир убакта билдирүү менен өтүнмө ээсине ушул Мыйзамдын 29-статьясынын 6-бөлүгүнө ылайык белгиленген өтүнмө берүү күнү билдирилет."; мамлекеттик тилдеги текстинде: статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "30-статья. Өтүнмөнү экспертизадан өткөрүү"; статьянын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "калысбаа" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "экспертиза" деген сөзгө алмаштырылсын; 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Өтүнмөнүн экспертизасы Кыргызпатент тарабынан жүзөгө ашырылат жана алдын ала жүргүзүлүүчү экспертиза менен өтүнмө берилген белгилөөнүн экспертизасын камтыйт."; 3-бөлүгүндөгү "аларсыз" деген сөз алып салынсын; 6-бөлүгүндө:
- "Өтүнмөнүн" деген сөз "Өтүнмө" деген сөзгө алмаштырылсын;
- бөлүк "алдын ала" деген сөздөрдөн кийин "жүргүзүлүүчү" деген сөз менен толукталсын;
7-бөлүгү "Алдын ала" деген сөздөрдөн кийин "жүргүзүлүүчү" деген сөз менен толукталсын; 10-бөлүгүндө "анын" деген сөз "өтүнмө боюнча анын" деген сөздөргө алмаштырылсын. 11-бөлүгүндө "Калысбаалоо" деген сөз "Экспертиза" деген сөзгө алмаштырылсын.
27. Мамлекеттик тилдеги 31-статьяда:
1-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Өтүнмө ээси алдын ала жүргүзүлүүчү экспертизанын чечимине же өтүнмө берилген белгилөөнүн экспертизасынын чечимине макул болбосо, ал чечимди алган күндөн тартып үч айдын ичинде Апелляциялык кеңешке каршы пикир берүүгө укуктуу.". 2-бөлүгүндө "өтүнүч" деген сөз "өтүнмө" деген сөзгө алмаштырылсын.
28. 32-статьяда:
2-бөлүгүндө "Кыргызпатент" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын; 4-бөлүгүндө "үч айдын" деген сөздөр "бир айдын" деген сөздөргө алмаштырылсын; 5-бөлүгүндө "үч ай өткөн соң" деген сөздөр "бир айдын ичинде" деген сөздөргө алмаштырылсын; мамлекеттик тилдеги текстинде: статьянын бүткүл тексти боюнча "калысбаанын" деген сөз "экспертизанын" деген сөзгө алмаштырылсын; 1-бөлүгүндө "мүмкүнчүлүгүнөн пайдалануу" деген сөздөр "шартында аны пайдалануу" деген сөздөргө алмаштырылсын.
29. Мамлекеттик тилдеги 33-статьяда:
2-бөлүгүндө "аракет" деген сөз "күчүнүн" деген сөзгө алмаштырылсын; 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Арыз күбөлүк күчкө ээ болуучу акыркы жылдын ичинде берилет."; 4-бөлүгүндө "аракет" деген сөз "күчүнүн" деген сөзгө алмаштырылсын; 5-бөлүгүндө "аракетин" жана "аракет" деген сөздөр тиешелүүлүүлүгүнө жараша "күчүн" жана "күчүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын; 6-бөлүгүндө "Күбөлүктүн күчүндө болуу мөөнөтүн" деген сөздөр "Күбөлүк күчкө ээ болуучу мөөнөттү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
30. Мамлекеттик тилдеги тексттин 34-статьянын 3-бөлүгүндө "ээси күнөөлүү болбогон анык" деген сөздөр "ээсинин күнөөсүнөн тышкары талашсыз" деген сөздөргө алмаштырылсын.
31. Мамлекеттик тилдеги 37-статьяда "НМПТ" деген аббревиатура "ТЧЖА" деген аббревиатурага алмаштырылсын.
32. Мамлекеттик тилдеги 38-статьяда:
1-бөлүгүндө "аракетте болгон" деген сөздөр "күчүнө кирүүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын; 4-бөлүгүндө "өтүнүч" деген сөз "өтүнмө" деген сөзгө алмаштырылсын.
33. 38-1-статьяда:
2-бөлүгүнүн бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "укук мураскорун түзбөстөн юридикалык жак жоюлганда же жеке жактын - күбөлүктүн ээсинин ишкердик иши токтотулганда;"; мамлекеттик тилдеги текстинде: статьянын аталышында "аракетинин" деген сөз "күчүнүн" деген сөзгө алмаштырылсын; 1-бөлүгүндө:
- биринчи абзацында "аракети" деген сөз "күчү" деген сөзгө алмаштырылсын;
- экинчи абзацында "объектке" деген сөз "объектиге" деген сөзгө алмаштырылсын;
2-бөлүгүндө:
- экинчи абзацында "аракетинин" деген сөз "күчүнүн" деген сөзгө алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацында "аракет" деген сөз "күчүнүн" деген сөзгө алмаштырылсын;
3-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүндө "ар кандай адам" деген сөздөр "кайсы жак болбосун" деген сөздөргө алмаштырылсын.
34. Мамлекеттик тилдеги 39-статьяда:
2-бөлүгүндө "куткарууну" деген сөз "бошотууну" деген сөзгө алмаштырылсын; 3-бөлүгүндө "ар кандай" деген сөздөр "кайсы жак болбосун" деген сөздөргө алмаштырылсын.
35. 41-статьянын 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында жана 4-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында мамлекеттик тилдеги текстинде "чаташтыруу даражасына" деген сөздөр "аралашып кетүү деңгээлине" деген сөздөргө алмаштырылсын.
36. 43-статьяда "Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлгөн эл аралык келишимдерде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205251/st-17-2" title="17-2-статья - Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>