Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүн жоготкон · 24.03.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 24 марта 2023 года №70.
"Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 3, 68-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-статьяда:
1-бөлүгүндө "ушул Мыйзамды колдонуу боюнча эрежелерди жана түшүндүрмөлөрдү басып чыгарат" деген сөздөр "өз компетенциясынын чегинде актылардын долбоорлорун иштеп чыгат" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндө "Кыргызпатент тарабынан белгиленет" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат" деген сөздөргө алмаштырылсын; мамлекеттик тилдеги текстинде: аталышында "жагындагы" деген сөз "жаатындагы" деген сөзгө алмаштырылсын; 1-бөлүгүндө:
- "жагындагы" деген сөз "жаатындагы" деген сөзгө алмаштырылсын;
- "аларды мамлекеттик каттоону ишке ашырат," деген сөздөр "алардын мамлекеттик каттоосун ишке ашырат, күбөлүк берет," деген сөздөргө алмаштырылсын.
- "калысбаалоо" деген сөз "экспертиза" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. Мамлекеттик тилдеги 2-статьянын текстинде:
1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Товардык белги жана тейлөө белгиси (мындан ары - товардык белги) - бул бир юридикалык жана жеке жактардын товарлары менен кызмат көрсөтүүлөрүн башка юридикалык жана жеке жактардын бир түрдүү товарлары менен кызмат көрсөтүүлөрүнөн (мындан ары - товарлар) айырмалоого жөндөмдүү белгилөөлөр."; 2-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын; "Күбөлүк товардык белгинин артыкчылыгын, күбөлүктө көрсөтүлгөн товарларга карата товардык белгинин ээсинин өзгөчө укугун ырастайт.". 3 жана 4-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Сөз, сүрөт, көлөм жана башка белгилөөлөр же алардын айкалыштары товардык белгилер катары катталышы мүмкүн. Товардык белги кандай гана түстө же түстүк айкалышта болбосун катталышы мүмкүн.".
3. 3-статьяда:
1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлгөн" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган" деген сөздөргө алмаштырылсын. 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Товардык белгиге өзгөчө укук күрөө предмети боло алат."; 5-бөлүгүндө "Кыргызпатент тарабынан басып чыгарылган расмий бюллетендеги товардык белгинин Кыргыз Республикасынын товардык белгилеринин мамлекеттик реестринде (мындан ары - Реестр) катталышы жөнүндөгү маалымат жарыяланган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын товардык белгилеринин мамлекеттик реестрине (мындан ары - Реестр) товардык белгини киргизген" деген сөздөргө алмаштырылсын; мамлекеттик тилдеги текстинде: 3-бөлүгүндө "артыкчылык" деген сөз "өзгөчө" деген сөзгө алмаштырылсын; 4-бөлүгүндө "чаташтыруу" деген сөз "аралашып кетүү" деген сөздөргө алмаштырылсын; 5-бөлүгүндө "товардык белгиде артыкчылык укугу жаралат" деген сөздөр "товардык белгиге өзгөчө укук пайда болот" деген сөздөргө алмаштырылсын; 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Товар ээсинин белгилерине аралашып кетүү деңгээлине чейин окшош же бирдей товардык белгилерди Интернет түйүнүндөгү дарек катары санкциясыз пайдалануу да ээлик кылуучунун укугун бузгандык катары таанылат. Товардык белгини же аны менен аралашып кетүү деңгээлине чейин окшош белгилерди Интернет түйүнүндөгү дарек катары пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".
4. 4-статьяда:
1 жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Төмөнкү айырмалоочу жөндөмгө ээ болбогон же элементтерден гана турган белгилөөлөрдү товардык белгилер катарында каттоого жол берилбейт:
1) белгилүү бир түрдөгү товарларды белгилөө катарында жалпы керектөөгө киргендер;
2) ушундай терминдерди же символдорду белгилер катарында пайдалануу үчүн сунуш кылынган товарларга карага жалпы кабыл алынган терминдер жана символдор болуп саналгандар;
3) товарлардын түрүн, сапатын, санын, касиетин, эмнеге пайдаланылаарын, баалуулугун, ошондой эле алардын чыгарылган жерин, өндүрүүнүн же сатып өткөрүүнүн убакытын жана ордун көрсөткөндөр.
Ушул статьянын 1-бөлүгүнүн 1-3-пункттарында көрсөтүлгөн элементтер, эгерде алар басымдуулук абалды ээлебесе, товардык белгиге корголбоочу элементтер катары киргизилиши мүмкүн."; статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын: "Мамлекеттик гербдер, желектер жана башка мамлекеттик эмблемалар, мамлекеттердин расмий аталыштары, эл аралык уюмдардын кыскартылган же толук аталыштары, алардын гербдери, желектери жана башка эмблемалары, расмий контролдук, кепилдик жана сынамык энтамгалары, мөөрлөрү, сыйлыктары жана башка айырмалоо белгилери же алар менен аралашып кетүү деңгээлине чейин окшош белгилер болуп саналган элементтерден турган белгилөөлөрдү товардык белгилер катары каттоого жол берилбейт. Эгерде ага тиешелүү компетенттүү органдын же алардын ээсинин макулдугу болсо, мындай элементтер товардык белгиге корголбогон элементтер катары киргизилиши мүмкүн."; 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин күчү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 5-статьяда:
1-бөлүгүндө:
- биринчи абзацында "бир түрдүү товарлар" деген сөздөр алып салынсын;
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) бир түрдүү товарларга карата Кыргыз Республикасында башка адамдын атына мурда катталган же каттоого өтүнүлгөн жана кыйла мурдагы артыкчылыкка ээ болгон товардык белгилер менен;";
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) бир түрдүү товарларга карата Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен корголгон жана кыйла мурдагы артыкчылыкка ээ болгон башка адамдардын товардык белгилери менен."; 2-бөлүгүндө:
- "көрсөтүлгөн товардык белгилерге" деген сөздөр "көрсөтүлгөн товардык белгилерге же фирмалык аталыштарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Мындай макулдукту берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";
3-бөлүгүнүн 2-пунктунда "корголбогон элемент" деген сөздөр "корголбогон элементтер" деген сөздөргө алмаштырылсын; мамлекеттик тилдеги текстинде: 1-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2) иштин бирдей же окшош түрлөрүнө же товарларга же кызмат көрсөтүүлөргө карата - Кыргыз Республикасында катталган же каттоого берилген фирмалык аталыштар;";
- 2-бөлүгүндө "ээсинин макулдугу менен" деген сөздөр "ээси макулдук берген шартта" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда "жасалган" деген сөз "чыгарылган" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 4-бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) автордук укуктун ээсинин же анын укук мураскорунун макулдугусуз Кыргыз Республикасында белгилүү болгон илимдин, адабияттын жана искусствонун чыгармаларынын, алардан алынган персонаждар же цитаталар, искусство чыгармалары же алардан фрагменттер;
3) белгилүү адамдардын фамилиялары, аттары, жашыруун аттары жана алардын уйкаштары, ошондой эле портреттери менен факсимилелери - өздөрүнүн же алардын мураскорлорунун макулдугусуз, ал эми мындай белгилөөлөр Кыргыз Республикасынын тарыхы менен маданиятынын энчиси болуп эсептелген учурларда - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн уруксатысыз;".
6. 6-статьяда:
5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү аттестациядан өткөрүүнүн жана каттоонун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат."; 8 жана 11-бөлүктөрүндө "кыргыз же орус" деген сөздөр "мамлекеттик же расмий" деген сөздөргө алмаштырылсын; 12-бөлүгүндө "Кыргызпатентке" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө" деген сөздөргө алмаштырылсын; мамлекеттик тилдеги текстинде: 2-бөлүгүндө "адам" деген сөз "өкүл" деген сөзгө алмаштырылсын; 3-бөлүгүндө "жана", "адамдары" жана "адамдар" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "же", "өкүлдөрү" жана "өкүлдөр" деген сөздөргө алмаштырылсын; 4-бөлүгүндө "адамдын" жана "суратылган" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "өкүлдүн" жана "суралган" деген сөздөргө алмаштырылсын; 7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Өтүнмөдө төмөндөгүлөр камтылууга тийиш:
1) өтүнмө ээсин, ошондой эле анын турган жерин же жашаган жерин көрсөтүү менен, белгини товардык белги катары каттоо жөнүндө арызы;
2) өтүнмө берилген белгилөө;
3) белгилерди каттоо үчүн Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эл аралык классификациясынын класстары боюнча топтоштурулган товардык белгини каттоо суралып жаткан товарлардын тизмеги.";
9-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2) өтүнмө берилген белгинин сыпаттамасы;"; 10-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Ушул статьянын жетинчи бөлүгүндө каралган документтер Кыргызпатентке келип түшкөн күн өтүнмө берилген күн, ал эми эгерде көрсөтүлгөн документтер бир убакта берилбесе, анда берилген документтердин акыркысы келип түшкөн күн боюнча эсептелет.".
7. 7-статьяда:
5-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге" деген сөздөргө алмаштырылсын; мамлекеттик тилдеги текстинде: статьянын аталышында жана бүткүл тексти боюнча "биринчилиги", "биринчилик" жана "биринчиликтин" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "артыкчылыгы", "артыкчылык" жана "артыкчылыктын" деген сөздөргө алмаштырылсын; 4-бөлүгүндө "берилген" деген сөз "түшкөн" деген сөзгө алмаштырылсын.
8. 8-статьяда:
2-бөлүгү "өтүнмөдөгү материалдарды" деген сөздөрдөн мурда "тиешелүү алымды төлөгөн шартта" деген сөздөр менен толукталсын; мамлекеттик тилдеги текстинде: статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "8-статья. Товардык белгиге өтүнмөнү экспертизадан өткөрүү"; 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Өтүнмөнү экспертизадан өткөрүү Кыргызпатент тарабынан ишке ашырылып, алдын ала экспертизаны жана өтүнмө берилген белгинин экспертизасын камтыйт."; 2-бөлүгүндө "Калысбаа өткөрүү учурунда" деген сөздөр "Экспертиза жүргүзүлүп жаткан мезгилде" деген сөздөргө алмаштырылсын; 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Эгерде кошумча материалдарда өтүнмө берилген күнгө өтүнмөгө кирбеген товарларга көрсөтмө камтылса, же өтүнмө берилген белгини олуттуу өзгөртсө, анда алар карап чыгууга кабыл алынбайт."; 4-бөлүгүндө "кайтарып" деген сөз "кайра чакыртылып" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 9-статьяда:
2-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүндө "ага жооп эки айдын ичинде берилүүгө тийиш" деген сөздөр "ага жооп суроо-талапты алган күндөн тартып эки айдын ичинде берилүүгө тийиш" деген сөздөргө алмаштырылсын; 5 жана 6-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргызпатент алдын ала экспертизанын натыйжалары жөнүндө өтүнмө ээсине кабарлайт. Өтүнмөнү алдын ала экспертизалоонун оң натыйжалары жөнүндө бир убакта билдирүү менен өтүнмө ээсине ушул Мыйзамдын 6-статьясынын 10-бөлүгүнө ылайык белгиленген өтүнмөнү берүү күнү билдирилет."; мамлекеттик тилдеги текстинде: статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Алдын ала жүргүзүлүүчү экспертиза"; статьянын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "калысбаа" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "экспертиза" деген сөзгө алмаштырылсын; биринчи бөлүгүндө "өткөрөт" жана "аныкталган" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "жүргүзүлөт" жана "белгиленген" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүгүндө:
- "калысбаалоонун" жана "суроо талап" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "экспертизанын" жана "суроо-талап" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4-бөлүгү "Алдын ала калысбаанын" деген сөздөр "Алдын ала жүргүзүлүүчү экспертизанын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. 10-статьяда:
статья төмөнкүдөй мазмундагы 10-бөлүк менен толукталсын: "Өтүнмө ээси тиешелүү алымды төлөөдө, өтүнмө берилген белгилөөгө мөөнөтүнөн мурда экспертиза жүргүзүү жөнүндө өтүнүүгө укуктуу. Мында берилген белгилөөгө экспертиза өтүнмө берилген күндөн тартып алты айдан эрте эмес, андай сунуштоо берилген шартта өтүнмө берилген күндөн тартып алты айдын ичинде жүргүзүлөт."; мамлекеттик тилдеги текстинде: статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "10-статья. Өтүнмө берилген белгилөөгө экспертиза"; статьянын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "калысбаа" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "экспертиза" деген сөзгө алмаштырылсын; 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Өтүнмө берилген белгилөөгө экспертиза өтүнмө берилген күндөн тартып он эки айдын ичинде алдын ала экспертиза аяктагандан кийин жүргүзүлөт."; 3-бөлүгүндө "андан" деген сөз "каттоодон" деген сөзгө алмаштырылсын; 5-бөлүгүндө "суроосу" деген сөз "суроо-талабы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11. Мамлекеттик тилдеги 11-статьянын текстинде:
статьянын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "калысбаа" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "экспертиза" деген сөзгө алмаштырылсын; 1-бөлүгүндө "билдирилген" жана "калысбаасынын" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "өтүнмө берилген" жана "экспертизасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
12. 12-статьяда:
3-бөлүгүндө "Кыргызпатент" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын: "Товардык белгини каттагандыгы, жарыялагандыгы жана ага күбөлүк бергендиги үчүн алым төлөгөндүгүн ырастоочу документ белгиленген тартипте берилбесе, товардык белгини каттоо жүргүзүлбөйт, тиешелүү өтүнмө чакыртып алынган болуп таанылат."; мамлекеттик тилдеги текстинде: 2-бөлүгүндө "калысбаанын" деген сөз "экспертизанын" деген сөзгө алмаштырылсын.
13. 13-статьяда "үч ай" деген сөздөр "бир ай" деген сөздөргө алмаштырылсын.
14. мамлекеттик тилдеги 15-статьянын текстинде:
статьянын аталышында "каттоонун аракеттенүү" деген сөздөр "каттоо күчүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын; 1-бөлүгүндө "колдонулат" деген сөз "күчүндө болот" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүгүндө:
- биринчи сүйлөмүндө "катталышынын аракет" деген сөздөр "каттоо күчүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи сүйлөмүндө "аракет" жана "каттоонун аракет" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "күчүнүн" жана "каттоо күчүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-бөлүгүндө "катталышынын аракет" деген сөздөр "каттоо күчүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын.
15. Мамлекеттик тилдеги 16-статьянын 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өтүнмө ээсинин күнөөсүнөн тышкары талашсыз жана техникалык каталарды оңдоолор алым төлөнбөстөн Кыргызпатент тарабынан Реестрге жана товардык белгинин күбөлүгүнө киргизилет.".
16. Мамлекеттик тилдеги 17-статьянын 1-бөлүгүндө "ага" деген сөз "аны" деген сөзгө алмаштырылсын.
17. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 17-1- жана 17-2-статьялар менен толукталсын:
"17-1-статья. Жалпыга белгилүү товардык белги Юридикалык же жеке жактын арызы боюнча аны мамлекеттик каттоонун же Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин күчүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында корголуучу товардык белги, же болбосо товардык белги катары пайдаланылуучу, бирок Кыргыз Республикасынын аймагында укуктук коргоосу болбогон белгилөө, эгерде мындай товардык белги же бул белгилөө интенсивдүү пайдалануунун натыйжасында арызда көрсөтүлгөн күнгө карай өтүнмө ээсинин товарларына карата тиешелүү керектөөчүлөрдүн арасында Кыргыз Республикасында кеңири белгилүү болуп калса, Кыргыз Республикасында жалпыга белгилүү товардык белги катары таанылышы мүмкүн. Эгерде алар бир түрдүү товарларга карата пайдалануу үчүн арналган, аралашып кетүү деңгээлине чейин бирдей же окшош болгон башка жактын товардык белгисинин артыкчылык алган күнүнөн кийин кеңири белгилүү болуп калса, товардык белги жана белгилөө жалпыга белгилүү товардык белги болуп таанылышы мүмкүн эмес. Жалпыга белгилүү товардык белгиге товардык белги үчүн ушул Мыйзамда каралган укуктук коргоо берилет. Жалпыга белгилүү товардык белгиге укуктук коргоо берүү жалпыга белгилүү товардык белгиге өзгөчө укукту таанууну билдирет. Жалпыга белгилүү товардык белгиге укуктук коргоо мөөнөтсүз колдонулат. Эгерде көрсөтүлгөн товарларга карата башка жак тарабынан бул товардык белгини пайдалануу керектөөчүлөрдө жалпыга белгилүү товардык белгиге өзгөчө укук ээси менен ассоциацияланса жана ушундай ээсинин мыйзамдуу кызыкчылыктарын чектеши мүмкүн болсо, жалпыга белгилүү товардык белгини укуктук жактан коргоо ошондой эле жалпыга белгилүү деп таанылган бир түрдүү эмес товарларга жайылтылат.
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндөЗакон · 14.01.1998 · № 7 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205251/st-1" title="1-берене - Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>