Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
213-6-статья. Автобекеттер, автостанциялар жана автокассалар тарабынан жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелеринин талаптарын бузуу
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Автобекеттер, автостанциялар жана автокассалар тарабынан, менчиктин түрүнө карабастан, жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелеринин талаптарын бузуу, - кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
3. 234-статьянын аталышында жана бүткүл тексти боюнча "ички иштер органынын кызматкеринин" деген сөздөр "ички иштер органынын жана автомобиль жана суу транспортунун ишин жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 262-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, балдар үчүн ден-соолукту чыңдоо борборлорунун жана башка коомдук сууга түшүү жайларынын аймагында чарбалык субъектилер тарабынан, суу аттракциондорун коопсуз иштетүү, суу транспортун ижарага берүү, пляждык зонада сууда сүзүп жүрүүчү каражаттарды база кылуу ченемдеринин талаптарын бузуу - кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө, ал эми юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
5. 508-статьянын 1-бөлүгү "151-157" деген сандардан кийин "213-5-статьянын экинчи бөлүгү" деген сөздөр менен толукталсын.
6. 516-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"516-статья. Автомобиль жана суу транспортунун, электр транспортунун жана жол чарбасынын органдары Кыргыз Республикасынын автомобиль транспортунун, электр транспортунун жана жол чарбасынын органдары ушул Кодекстин 169, 211-213, 213-1, 213-6, 215, 217, 222-статьяларында, 234, 259-265-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза чараларын көрүүгө төмөндөгүлөр укуктуу:
- жүргүнчүлөрдү ташуучу шаардык, шаар аралык, эл аралык автомобиль транспортунун жана электр транспортунун контролдоочу-текшерүүчүлөрү;
- автомобиль жана суу транспортунун ишин жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси жана анын орун басарлары;
- автомобиль жана суу транспортунун ишин жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын облустук жана аймактык башкармалыктарынын начальниктери жана алардын орун басарлары;
- автомобиль жана суу транспортунун ишин жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын инспекторлору;
- автомобиль жолдорун башкаруучу мамлекеттик органдардын жетекчилери жана алардын орун басарлары.".
7. 518-1-статья күчүн жоготту деп табылсын.
8. 556-1-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктчасынын он тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
9. 564-статья төмөнкүдөй мазмундагы 10-пункт менен толукталсын:
"10) мамлекеттик чек ара аркылуу жана стационардык ички посттордон өткөрүү пункттарында ачыкталган, эл аралык макулдашуулар жана транспорттук мыйзамдар бузулганда - автомобиль жана суу транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары.".
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205247/st-213-6" title="213-6-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>