1-берене
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 213-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "жарандарга, эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү, кызмат адамдарына - элүү, юридикалык жактарга - эки жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.". 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз, кызмат адамдарына - жүз элүү, юридикалык жактарга - беш жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет".
2. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 213-1 - 213-6-статьялар менен толукталсын:
"213-1-статья. Чет өлкөлүк ташуучу тарабынан эл аралык автомобилдик ташууларды уруксатсыз же атайын уруксатсыз ишке ашыруу Чет өлкөлүк ташуучу тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык автомобилдик ташууларды эл аралык макулдашуулар менен каралган уруксатсыз же атайын уруксатсыз ишке ашыруу, - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалганда, - эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205247/st-1" title="1-берене - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>