14-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коргоо жаатындагы ыйгарым укуктары
Күчүндө · 03.02.2014 редакциясы
Мамлекеттик органдардын коргоо жаатындагы ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан төмөнкү маселелерди чечүү үчүн белгиленет:
1) коргоо муктаждыктары үчүн зарыл болгон продукцияны өндүрүү жана берүү;
2) экономиканы мобилизациялык даярдоо, согуш мезгилинде анын туруктуу иштешин камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
3) коргоо максатында Кыргыз Республикасынын аймагын ыкчам жабдуу боюнча иш-чараларды камсыз кылуу;
4) аймактык коргоо боюнча иш-чараларды камсыз кылуу;
5) Кыргыз Республикасын коргоону уюштурууга жана куралдуу коргоого катышуу;
6) Кыргыз Республикасынын жарандарын аскердик кызматка даярдоого катышуу;
7) Куралдуу Күчтөр менен бирдикте ыкчам жана мобилизациялык даярдоо;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоо жаатындагы башка милдеттер.
Берененин тексти 03.02.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205246/st-14" title="14-берене - Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>