Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 8-декабры № 132
Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелеринин, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобосуна ылайык, ошондой эле Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо материалдарын иликтөө боюнча жумушчу топтун маалымкатынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын - айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 5-сентябрында кабыл алынган № 143 токтомунун Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча бөлүгү жокко чыгарылсын.
2. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2014-жылдын 26-декабрына саат 9:00дөн 12:00гө чейин дайындалсын.
3. Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
Төрага
Т.Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 27.12.2011 · № 423
- КР Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын 2013-жылдын 5-сентябрындагы № 143 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын - айыл…Постановление · 05.09.2013 · № 143
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- "Положение о порядке избрания главы айыл окмоту" (утверждено постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 27 декабря 2011…Положение · 27.12.2011 · № 423
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 29-декабрындагы № 140 "2014-жылдын 26-декабрында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун…Постановление · 29.12.2014 · № 140