Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын - айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 5-сентябры № 143 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын - айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 8-декабрындагы № 132 токтомуна ылайык бул токтомдун Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча депутаттарын шайланган таануу бөлүктөрү күчүн жоготту. Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Түп айылёөкмөтүнүн башчысы Байтемиров Т.К. өзүнүн берген арызынын негизинде, Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын - акиминин 2013-жылдын 22-августундагы № 69 тескемеси менен айыл өкмөт башчысы кызматынан бошотулган. Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Камышановка айыл өкмөтүнүн башчысы Кубатов М.С. өзүнүн берген арызынын негизинде, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын - акиминин 2013-жылдын 26-августундагы № 233-р тескемеси менен айыл өкмөт башчысы кызматынан бошотулган. Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Соорбеков Таалай Нышановичке Боо-Терек айылдык кеңешинин 2013-жылдын 28-июнундагы 9-сессиясынын № 1 токтому менен айылдык кеңештин депутаттары тарабынан ишенбестик билдирилген. Анын негизинде Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын - акиминин 2013-жылдын 13-августундагы № 31/VI буйругу менен айыл өкмөт башчысы кызматынан бошотулган. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесиндеги 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын - төмөнкү айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2013-жылдын 24-сентябрына дайындалсын:
- Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Түп айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;
- Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Камышановка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;
- Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо.
2. Түп, Сокулук, Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын начальниги М.Аргымбаевке жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Т. Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 8-декабрындагы № 132 "Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону…Постановление · 08.12.2014 · № 132
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 16-октябрындагы № 156 "2013-жылдын 24-сентябрында, 3-октябрында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча…Постановление · 16.10.2013 · № 156
Шилтеме берет (3)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 8-декабрындагы № 132 "Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону…Постановление · 08.12.2014 · № 132
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон