2-берене
Күчүндө · 22.05.2014 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 224-1-статья менен толукталсын:
"224-1-статья. Ээлери тарабынан жер үстүндө жүргүзүүчү транспорт каражаттарын каттоо эрежелеринин бузулушу Жер үстүндө жүрүүчү транспорт каражаттарын каттоо эрежелерин сактабаганда жана өз убагында каттоодон өткөрбөөсү, - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүндө, кызмат адамдарына - жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Эскертүү. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан салынган жер үстүндө жүрүүчү транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү администрациялык айыптарды өндүрүп алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөт·тарабынан аныкталат.".
2. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 546-4-статья менен толукталсын:
"546-4-статья. Транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Кодекстин 224-1-статьясында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза берүүгө төмөнкүлөр укуктуу:
- транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси жана анын орун басарлары;
- транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын облустук, райондук жана шаардык бөлүмдөрүнүн, секторлорунун жетекчилери.".
3. 556-1-статьянын 2-бөлүгүндө "546-3" деген сан "546-4" деген санга алмаштырылсын.
4. 624-статьянын экинчи абзацында "мамлекеттик автомобиль инспекциясынын" деген сөздөр "транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 22.05.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205105/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>