11-статья. Кыргыз Республикасынын административдик ведомстволору
Күчүн жоготкон · 27.05.1994 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Постановление Жогорку Кенеша КР от 27 мая 1994 года N 1532-XII.
Кыргыз Республикасынын административдик ведомстволору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында иштеген мамлекеттик агентстволорду жана мамлекеттик инспекцияларды өзүнө камтыйт. Мамлекеттик агентство - ишкердиктин ар кандай чөйрөлөрүндө, негизинен маалымат менен камсыз кылуу формасында мамлекеттик башкаруунун жөнгө салуу функцияларын ишке ашырган административдик ведомство. Мамлекеттик инспекция - ишкердиктин ар кайсы чөйрөлөрүндө мамлекеттик башкаруунун контролдук кылуу функцияларын аткарган административдик ведомство. Мамлекеттик агентстволор менен мамлекеттик инспекциялар Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан түзүлөт жана аларды Кыргыз Республикасынын Президенти дайындаган директорлор башкарат. Мамлекеттик агентстволор жана мамлекеттик инспекциялар өз компетенцияларынын чектеринде нормативдик актыларды чыгарат жана Кыргыз Республикасынын закондорунун, Кыргыз Республикасынын Советинин токтомдорунун, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун жана буйруктарынын, ошондой эле өзүлөрүнүн актыларынын аткарылышына контролдук кылат. Кыргыз Республикасынын Президенти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Премьер-министри мамлекеттик агентстволор менен мамлекеттик инспекциялардын актыларын алып салууга акылуу.
Берененин тексти 27.05.1994 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205095/st-11" title="11-статья - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>