10-статья. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик
Күчүн жоготкон · 27.05.1994 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Постановление Жогорку Кенеша КР от 27 мая 1994 года N 1532-XII.
комитеттери жана алардын негизги функциялары
Тийиштүү ишкердик чөйрөлөрүндө аткаруучу-тескөөчү функцияларды ишке ашырган мамлекеттик башкаруунун борбордук органдары Кыргыз Республикасынын министрликтери болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик комитеттери ишмердиктин ар кандай чөйрөлөрүндө, негизинен координациялык жөнгө салуу түрүндө башкарууну ишке ашырган мамлекеттик башкаруу органы болуп саналат. Министрликтер жана Мамлекеттик комитеттер Кыргыз Республикасынын закондорунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин токтомдорунун, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун жана буйруктарынын негизинде жана аларды аткаруу иретинде аракеттенет. Министрликтерге - министрлер, Мамлекеттик комитеттерге - Төрагалар башчылык кылат. Алар министрликтерге жана мамлекеттик комитеттерге жүктөлгөн функциялардын аткарылышы үчүн жекече жоопкерчилик тартат. Кыргыз Республикасынын министрликтери, Мамлекеттик комитеттери өз компетенциясынын чектеринде нормативдик актыларды чыгарууга жана алардын аткарылышын текшерүүгө укуктуу. Кыргыз Республикасынын Президенти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Премьер-министри министрликтердин жана Мамлекеттик комитеттеринин нормативдик актыларын алып салууга акылуу. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана Мамлекеттик комитеттеринин тизмеси Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 27.05.1994 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205095/st-10" title="10-статья - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>